Бишкектеги түшмө өтмөктөн үч унаа заара чыгарылды

Бишкек мэриясынын кызматкерлери үч чоң машина менен бөтөлкөлөрдө чогулган заара чыгарды. Алар филармониянын тушундагы түшмө өтмөктү оңдоо учурунда табылган.

Бишкек мэриясына караштуу капиталдык курулуш башкармалыгынан (ККБ) билдиргендей, заара ушатылган бөтөлкөлөр түшмө өтмөктү оңдоо учурунда тепкичтин алдынан табылган.

ККБнын начальнигинин орун басары Койчогул Ибраимов Kloop.kgге маалымдагандай, өтмөктө беш жыл бою бөтөлкөгө заара ушатып, тепкичтин алдына чогулткан жумушчулар административдик жазага тартылышы мүмкүн.

«Ал "өтүкчүнү" таап, чындыгында ал өзү же башкалар дагы ал жакка барганын далилдеп, андан кийин гана административдик чара көрүү боюнча маселе коюш керек, […] керек болсо жер алдындагы өтмөктөн ага орун бербей коюш керек», — деди Ибраимов.

Ал ККБ экология кызматына кат жөнөткөнүн кошумчалады. Учурда түшмө өтмөктүн кайсы кызматкери бөтөлкөлөрдү тепкичтин алдына чогултканы такталып жатат.

Ибраимовдун айтымында, мындай учурлар катталбаш үчүн оңдоо иштери бүткөндө өтмөктө ажаткана пайда болот. Буга чейин ал жакта иштегендер жакын жайгашкан дүкөндөргө барып келгенге аргасыз болчу, анткени аталган аймакта коомдук даараткана жок.

Бишкек мэриясы Чүй жана Манас проспекттеринин кесилишиндеги түшмө өтмөктү жай мезгилинин башынан тарта капиталдык оңдоодон өткөрүүдө.

Сүрөт: «АКИпресс».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: