Казакстан Кыргызстандын «жеке жактарынын» өтүүсүн жеңилдетүүнү убада кылды

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 19-октябрдан баштап жеке жактар менен жүргүнчүлөрдү ташыгандар Кыргызстан менен чектеш чек арадан «артыкчылык түрдө» өтө алышаарын билдирди. Бирок Кыргызстандын чек ара кызматынан чек арадагы абал өзгөрбөгөнүн билдиришти.

Казак өкмөтүнүн башчысы бул туурасында эки өлкөнүн ортосунда бузулган мамилелерди калыбына келтирүү үчүн Астанага учуп кеткен өзүнүн кыргыз кесиптеши Сапар Исаков менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Сагинтаев жолугушуудан кийин билдиргендей, 19-октябрдан баштап Кыргызстандан Казакстанга жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттордун, бош ири унаалардын жана «жеке адамдардын жүктөрү менен» өтүшү жеңил болуп калышы керек.

«Биздин бажы органдары Кыргызстандан келген кытай импорту толук декларациядан өтпөй жаткан фактыларын ачыкташууда. Бул биздин бюджетти чыгымга учуратууда. Сапар Исаков бул маселелерди чечүүгө конструктивдүү ык-амалдарды кепилдик кылды.», — деди Сагинтаев.

Бирок Кыргызстандын чек ара кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги абал өзгөрбөгөнүн айтышкан.

«Кезек күтүүлөр дагы деле бар. "Ак-Жол" ("Кордай") бекетинде адамдардын чогулуусу башталууда, "АК-Тилек" бекетинде жүктөргө толгон машиналар турушат. Учурда жетишилген келишимдер күчүнө кире элек», — деп билдиришти 19-октябрда чек ара кызматтан.

Чек арадагы абалдын оорлошу

Өкмөт башчылардын ортосундагы сүйлөшүүлөр кыргыз-казак чек арасындагы оорлоп кеткен абалдын шартында өттү.

Казакстандын чек арачылары 10-октябрда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн, бул чоң кезек күтүүлөрдүн чыгышына себеп болгон.

Ошондой эле казак тарап Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш компаниясына өндүрүмдөрдү киргизүүгө тыюу салган, ал эми чек арада тез бузула турган азыктарды ташыган оор жүк унааларынын километрлеп созулган тыгындары пайда болгон

Казак чек арачылары өздөрүнүн иш аракеттерин террористтер менен кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн жана фитосанитардык эрежелерди бузгандарды издөө бөюнча «пландык операция» менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандын өкмөтү 17-октябрда Казакстан мындай жол менен тарифтер жана соода-сатыктар боюнча келишимдин «негизги» нормаларын бузууда деп эсептеп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган.

Ошондой эле, Экономика министрлиги дагы казак тараптын чек арадагы аракеттери ЕАЭБдин принциптерине карама-каршы келет деп белгилеген.

Казакстандын бийлиги өз кезегинде Кыргызстанды чек арадагы көйгөйдү «саясатташтырбоого» чакырып, алар «өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп» жатышканын билдиришкен.

Дипломатиялык чыр

Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптагандан кийин чек арадагы кырдаал оорлошо баштаган.

Анын сөздөрү президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт кампаниясы учурунда Назарбаев менен болгон жолугушуусуна реакция билдирүү болуп калган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги казак бийлигин 15-октябрда өткөн президенттик шайлоолордун «өнөктүгүнө кийлигишүү» боюнча айыптаган.

Казакстандын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө «чечкиндүү каршылык» билдирип, мындай билдирүүлөр эки дос өлкөнүн ортосунда «болбошу» керек деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА: