Өкмөт: Кыргыз-казак чек арасында абал «дээрлик» жакшырды

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, кыргыз-казак чек арасынан өтүү «дээрлик жакшырды». Анын айтымында, жеке жактар, жүргүнчү таашыган автобустар, жеңил машиналар жана бош жүк ташыган унаалар чек арадан «жеңилдетилген тартипте» өтүшүүдө.

Абдыгулов билдиргендей, казак тарап менен сүйлөшүүлөр ишке ашырыла баштады жана 19-октябрь күнү күндүзү чек арадагы абалдын жакшырышы байкалууда.

«Адамдар, жүргүнчү ташыган транспорттор, бош унаалар дагы чек арадан тынч эле өтүп жатышат», — деди ал.

Бирок Абдыгуловдун айтымында, учурда кыргыз-казак чек арасында турган жүктөлгөн фуралар боюнча маселелер чечиле элек.

«Оор жүктүү унаалар боюнча, алардын маселелери боюнча Кыргызстан менен Казакстандын эки жактагы вице-премьер министрлери баштаган жумуш топ алектенишет. Биз бул маселени чечебиз», — деди ал.

Кыргызстандын чек ара кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде абал жакшырып жатат — «Ак-Жол» ("Кордай") бекетинде 30 жаран менен 20 авто унаа кезекте турат.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, азырынча «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде абал анчалык өзгөрө элек — ал жакта 400 оор жүктүү фуранын тыгыны жаралган.

Бирок чек ара кызматынын өкүлүнүн айтымында, авто унааларды текшерүүнүн убактысы кыскарган — учурда бир оор жүктүү машинанын чек арадан өтүшүнө 20 мүнөт убакыт коротулууда.

Чек арадагы абал эки мамлекеттин ортосундагы өкмөттөрүнүн 18-октябрда өткөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин жакшыра баштаган.  

Жолугушуудан кийин Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 19-октябрдан баштап жеке жактар менен жүргүнчүлөрдү ташыгандар Кыргызстандан Казакстанга жеңил өтө башташаарын билдирген.

Чек арадагы абалдын оорлошу

Казакстандын чек арачылары 10-октябрда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн, бул чоң кезек күтүүлөрдүн чыгышына себеп болгон.

Ошондой эле казак тарап Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш компаниясына өндүрүмдөрдү киргизүүгө тыюу салган, ал эми чек арада тез бузула турган азыктарды ташыган оор жүк унааларынын километрлеп созулган тыгындары пайда болгон

Казак чек арачылары өздөрүнүн иш аракеттерин террористтер менен кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн жана фитосанитардык эрежелерди бузгандарды издөө бөюнча «пландык операция» менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандын өкмөтү 17-октябрда Казакстан мындай жол менен тарифтер жана соода-сатыктар боюнча келишимдин «негизги» нормаларын бузууда деп эсептеп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган.

Ошондой эле, Экономика министрлиги дагы казак тараптын чек арадагы аракеттери ЕАЭБдин принциптерине карама-каршы келет деп белгилеген.

Казакстандын бийлиги өз кезегинде Кыргызстанды чек арадагы көйгөйдү «саясатташтырбоого» чакырып, алар «өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп» жатышканын билдиришкен.

Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптагандан кийин чек арадагы кырдаал оорлошо баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: