Айылдык кеңештин мас абалдагы депутаты милиционерлерге кол салды

Чүй облусунун ШИИБнин маалыматына ылайык, Бишкектен алыс эмес Новопавловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты мас абалда патрулдук милициянын кызматкерлерине кол салган. Милиционердин бирөөсүнүн кызматтык кийими айрылып, экинчиси тытмаланган.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, окуя 23-октябрь күнү кечинде болгон.

Мекеменин маалыматына ылайык, патрулдук милициянын кызматкерлери жолдун каршылаш тилкесине чыгып кеткен «Хонда CRV» үлгүсүндөгү машинаны токтотушкан. Машинада эки адам болгон — Новопавловка айылдык кеңешинин 28 жаштагы депутаты менен анын айдоочусу.

Милиционерлер протокол түзгөнү жатышкан учурда мас абалдагы депутат протокол болгону анын айдоочусуна түзүүлөрүн түшүнбөстөн кызматкерлерге «кол сала» баштаган.

«Депутат эскертүүлөргө эч көңүл бурбай адепсиздик кылып, уруша баштаган», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, депутат кызматкердин төш камерасын алып салууну талап кылып, анын кызматтык кийимин айрып, ал эми экинчи милиционерди тытмалап салган. Инспекторлор ал адамды окуя болгон жерден кармап, убактылуу кармоо изоляторуна камашкан.

Милиция «Бийликтин өкүлүнө карата күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал штраф төлөйт же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: