Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусу: Чек арадагы кырдаал азырынча чечиле элек

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков казак өкмөтүнүн башчысы Бакытжан Сагинтаев менен кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүү маселесин талкуулады. Учурда «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 500гө жакын жүктүү фуралар турат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Исаков өзүнүн кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен 25-октябрда Арменияда жолуккан.

Сүйлөөшүүлөр учурунда тараптар 48 пункттан турган «Жол картанын» долбоорун талкуулашкан, ал долбоор «эки өлкөнүн ортосунда болгон бардык маселелерди чечүүгө багытталга».

Премьер-министрлер долбоорду толугу менен иштеп чыгууну тапшырышты.

Буга чейин эки мамлекеттин өкмөт башчылары 18-октябрда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Анда алар «жүктөрү бар жеке жактардын», жеңил унаалардын жана бош оор жүк унааларынын чек арадан өтүүсү жеңилдетилээрин келишишкен.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары жүктүү фуралар боюнча маселени беш күндүн аралыгында чечүүнү убадалашкан, бирок чек арадагы фуралардын абалы мурдагыдай эле калууда.

Чек ара кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, учурда «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 500гө жакын фура турат.

Дипломатиялык чыр

Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптагандан кийин чек арадагы кырдаал оорлошо баштаган.

Ошондон кийин Казакстандын чек арачылары 10-октябрда жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин күчтөндүргөн — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр чогулуп, авто тыгындар пайда боло баштаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: