Үсөнов Таластагы митингдин катышуучуларын «кечирим суроого» чакырды

Президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдиргендей, 16-октябрда Таласта өткөн митингдин катышуучулары «Манастын өлөөр алдындагы сөздөрүн угуудан баш тарткандыктары үчүн кечирим сурашы керек». Үсөнов каршылык акциясына чыккандардын иш-аракеттерин «кыжырды кайнаткан факт» деп атады.

Үсөнов «АКИпресс» басылмасына курган маегинде билдиргендей, 16-октябрда Таласта президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп митингге чыккандардын иш-аракеттери «өкүндүрөт».  

Анын айтымында, митингде негизинен «толугу менен тартипсиз» балдар болгон.

«Таластагы Бабановдун митингинин катышуучулары кыргыздардын атасы Манастын өлүм алдындагы сөздөрүн угуудан баш тарткандыктары үчүн кечирим сурашы керек», — деди Үсөнов.

Үсөнов кыргыз эли үчүн «Манас» эпосу ыйык деп эсептейт.

«Президенттин дагы митингчилердин аракеттери жөнүндө айткандары туура болгон. Бабановчулар талкуунун темасын башка нукка буруп, элди дүрбөтпөй бул нерседен туура тыянак чыгарышы керек», — деди ал.  

Мурдаарак өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев таластыктар митингде өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевге Манастын сөздөрүн окутпай койгонуна «нааразы» болгонун билдирген.

«Таластын губернатору Дайыр Кенекеев Манасты алып келип, Манас атанын сөздөрүн окуп берем десе, ышкырып, бакырып, окутпай койду жаш балдар. Бул таластыктар үчүн абдан уят», — деп билдирген Атамбаев 18-октябрда президенттик стипендианттардын алдында сүйлөп жатып.  

Таластагы Бабановду колдогон митинг

Кичи мекени Талас аталган Өмүрбек Бабановду колдогон митинг 16-октябрда өткөн.

Сооронбай Жээнбеков алдыда бараткан шайлоонун жыйынтыгына 500дөн ашуун митингдин катышуучусу наарызы болгон.

Алар шаар ичинде жөө жүрүш өткөрүшүп, андан соң Таластын борборундагы аянтка чогулушкан.

Каршылык акциясына чыккандарга өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев чыгып, аларды президентке баш ийип, тарап кетүүгө чакырган. Өкмөттүн ыйгарым өкүлү «Манастын» сөздөрүн айтып берүүгө аракет кылган, бирок митингчилер аны ышкырыктар жана кыйкырыктар менен токтотуп коюшкан.

Бабановдун штабы алардын Таласта митинг уюштурууга тиешелери жок экенин билдирген.

Митингчилер кеч киргенге чейин тарап кетишкен.

«Манас» — эң ири кыргыз эпосу. Ал адамзатынын маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдөгү эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген.

Талас Манастын мекени деп эсептелет.


ТЕМА БОЮНЧА: