Бишкек: Белгисиздер милиционерди өлтүрүп кетишти

Бишкекте 26-октябрга караган түнү Биринчи май райондук ИИБнин Криминалдык милиция кызматында иштеген милиционерди өлтүрүп кетишкен. Белгисиздер милиционерге бычак сайышкан, натыйжада ал окуя болгон жерден каза тапкан. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Кылмыш 26-октябрь түнү болгон. Милиционердин кесиптештери аны Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишине жеткиришип, ал ошол жерде калган.

Кийинчерээк милицияга бул райондо адамдын денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милициянын кызматкерлери каза болгон адамдан өздөрүнүн кесиптешин таанышкан.

Каза болгон адам 25 жаштагы милициянын ага лейтенанты болгон. ИИМдин маалыматына ылайык, каза болгон күнү ал үйлөнүү тойго даярдануу максатында эмгек өргүүсүнө чыккан.

Милициянын кызматкерин өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: