МКК «Самара» жөнүндөгү иликтөөдөн кийин кызматтык иликтөөнү баштады

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) өз серверинде бир ай аралыгында шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан мамлекеттик эмес сайт жүргөнү боюнча маалыматты текшерүүдө.

МККнын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, учурда жарыя болгон иликтөөнүн маалыматы боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө.

«Адистерибиз биздин серверде тышкы сайт отургандай нерсе жок деп айтышууда. Биз учурда текшерип жатабыз», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

МККнын басма сөз катчысы Мэлис Эржигитов «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, иликтөөдөгү маалымат «чындыкка дал келбейт». «Макаладагы бардык сандар изилденет. Бул фотошоппу же башкабы, аны карайбыз», — деди ал.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге азырынча бул боюнча комментарий бере албасын айтты.

«Менимче, МКК өзү расмий жооп берсе керек. Комментарий берүүдөн карманып турайын. МКК эмне деп айтаарын угуп көрөм», — деди ал.

Kloop.kgнин журнаисттери Quriumдун санарип криминалисттери менен президенттик шайлоодогу үгүт иштери учурунда Кыргызстандын өкмөтүнүн сервери бир айдын аралыгында өзүнө samara.kg деген мамлекеттик эмес сайтты камтыганын далилдешкен.

Аталган сервер — Кыргызстанда эң маанилүү, себеби ал өлкө жарандарынын жеке маалыматтарын иштетүү менен алектенет. Мындай серверге кирүү мүмкүнчүлүгү ар бир президенттикке талапкердин үгүт кампаниясынын жүрүшүн олуттуу түрдө жеңилдетип, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка дуушар кылат.

Мурдараак МКК Kloop.kgнин иликтөөсүн «жаңы шайлоолор технологиясын беделин кетирүү аракети» деп атаган.

«МКК Kloopтун иликтөөсүнүн артында кайсыл бир шайлоочу кошумча тизме аркылуу канча жолу кааласа ошончо добуш бере алган же бюллетендерди массалык түрдө урнага таштоого мүмкүн болгон эски убакыттарга куса болгон кандайдыр бир саясий күчтөр турат деп божомолдоп жатат», —  деп билдиришкен МККдан.

Kloop.kgнин редакциясы өкмөттүн серверинде башка сайттын болгон фактысы далилденгенине карабастан МККнын жообун «мындай маанилүү органдын жогорку адистигине дал келбегендик» деп атады.

«"Шайлоо технологияларынын беделин түшүрүү" — бул мамлекеттик ишмердикке байланыштыгы жок башка сайтка жарандардын персоналдык маалыматтарын иштеткен маанилүү делген өкмөттүк серверде болуусуна мүмкүндүк берүү», — деп айтышты иликтөөнүн авторлору.

Kloop.kgнин редакциясы 26-октябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн серверинде бийликчил талапкердин штабына байланыштуу бир ай аралыгында samara.kg сайты иштегени боюнча иликтөө жарыялаган.

Бул сервер Мамлекеттик каттоо кызматына таандык жана ал аркылуу Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарына: паспорттун номерлерине, ИНН жана биометрикалык маалыматтарга мүмкүнчүлүк алса болот.

Этот сервер принадлежит Государственной регистрационной службе, и через него можно получить доступ к личным данным граждан Кыргызстана: к номерам паспортов, ИНН и биометрическим данным.


ТЕМА БОЮНЧА: