ЖМК: ИГИЛ милиционердин өлтүрүлүшү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алды

Ислам мамлекетинин аскерлеринин көзөмөлү алдындагы ЖМКлар билдиришкендей, Кыргызстандагы биринчи кол салууну алар кылышкан. Террористтер Бишкектин борборундагы милиционердин өлтүрүлүшү боюнча жоопкерчиликти өздөрүнө алышты.

Бул боюнча маалыматты SITE агенттиги Ислам Мамлекетинин көзөмөлүндөгү Amaq News Agency басылмасына таянып жарыялаган.

Террористтер Бишкекте милиционер Уларбек Майрамбековдун өлтүрүшүн Кыргызстандын айгамында жасалган өздөрүнүн биринчи чабуулу деп аташууда.

ИИМдин басма сөз кызматынан 24.kg басылмасына билдиришкендей, ИГИЛ боюнча маалымат териштирилүүдө.

«Биз бул нерсени тастыкталган маалымат деп атабайт элек. Бүгүнкү күндө комплекстик ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана тергөөнүн сыры бар», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

«Кактус» менен «Акипресс» басылмалары өздөрүнүн маалымат булактарына таянып билдиришкендей, милиция Майрамбековду өлтүрүүгө шектүү адамды колго түшүргөн. Учурда ал Бишкек ШИИБде.

Учурда кармалган адамдын ИГИЛдин террористтери менен болгон байланышы менен анын тек-жайы белгисиз.

Майрамбековду 26-октябрь күнү кечинде Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде өлтүрүп кетишкен.

Белгисиз адам милиционерге бычак сайып, ал кол салуу болгон жерден каза тапкан.

Укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, Майрамбеков Бишкектин Биринчи май райондук ИИБдин кызматкери болгон.

Каза болгон милиционер 25 жаштагы укук коргоо органдарынын ага лейтенанты болгон. Кайтыш болгон күнү ал үйлөнүү тойго даярдануу максатында эмгек өргүүсүнө чыккан.

Милициянын кызматкерин өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми Майрамбековдун өзүн 27-октябрда Жалал-Абад облусунун Масы айылында жерге беришти.


ТЕМА БОЮНЧА: