Мамлекеттик каттоо кызматы 26-октябрда Kloop.kg «Самара» тутуму жөнүндө жарыялаган иликтөөнүн маалыматтарын текшерди.

Текшерүүдөн кийин МКК 28-октябрь күнү эртең менен билдирүү тараткан:

  • МККнын «веб-серверлеринин үстүндө эч кандай жеке сайт отурган эмес»;
  • МККнын адистери «веб-сервердин ишине кандайдыр бир тышкы таасир этүүлөрдүн издерин табышкан жок»;
  • Kloop.kg «чындыкка коошпогон макалага» төгүндөө чыгарышы керек.

Kloop.kg бул нерсени жасабайт.

Биринчиден, анткени биз МККнын сервериниде мамлекеттик эмес samara.kg сайты отурганына 100% ишенебиз. Бизде бул нерсени төгүнгө чыгаргыс далилдер бар, анын жарымын иликтөөбүздө жарыялаганбыз.

Экинчиден, биз кайрадан МККнын жообунда макалада көрсөтүлгөн фактыларды түшүндүргөнүн уга алган жокпуз.

МКК «биз күнөөлүү эмеспиз, эч нерсе болгон эмес, анткени эч качан болушу да мүмкүн эмес» дегендей түрдөгү жооп кайтарды. Мындай жооп аргументтелген күнөөлөлөрдү төгүндөө болуп эсептелбейт.  

Муну менен биз МККнын берген жообун биз уланып жаткан иликтөөбүзгө өтө пайдалуу деп эсептейбиз.

Башында биз МККнын серверлерине чабуул болгону тууралуу жазган эмеспиз. Биз өзүбүздүн материалда samara.kg сайтынын 13-сентябрдан 14-октябрга чейин иштеши кийинки шарттарда: же тышкы тассир этүү (бузуп ачуу), же МККнын кызматкерлеринин сүйлөшүп алуусу аркылуу болушу мүмкүн экенин жазганбыз.

Бузуп ачуу болгон эмес деген билдирүү менен МКК биринчи версияны жокко чыгарып, бул «Самаранын» иштөөсүн өз кызматкерлери камсыздашы мүмкүн деген версияны (же МККнын серверине түз кирүүгө мүмкүндүгү бар адамдар) калтырды.

Мындай билдирүүлөрдөн соң МККга болгон ишеним жоголгондуктан, биз алардын ишмердигин эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Башкы прокуратура иликтеши керек деп эсептейбиз.


ТЕМА БОЮНЧА: