Парламент компанияларга мөңгүлөрдө кен иштетүүгөө уруксат бере турган Кыргызстандын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү карайт. Экологдор менен адистер бул кыйроого алып келет деп эсептешүүдө.

Эмне болду?

Агрардык саясат боюнча комитет 31-октябрда үчүнчү окууда мөңгүлөрдө «өзгөчө учурларда» кен иштетүүгөө уруксат берген Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду. Эми бул өзгөртүүлөрдү парламентарийлер жалпы уктурууларда колдоп же кабыл албашы керек.

Өзгөртүүлөрдүн мааниси эмнеде?

Өкмөт мөңгүлөрдүн ээришин тездеткен же жок кыла турган «ири салык төлөөчүлөр менен бюджетти түзүүчү ишканаларга өзгөчө учурларда» кен иштетүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат.

«Өкмөт тарабынан мөңгүлөргө таасир этүүчү ишке, мындай иштен келтирилген зыянды мүмкүн болушунча максималдуу азайтуу жана мөңгүлөрдүн абалына дайыма көзөмөл жүргүзүү шартында уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн», — деп айтылат өзгөртүүдө.

Кенди иштетүүгө уруксат берүү маморгандын эксперттик корутундусунун негизинде кабыл алынат, бирок кайсыл орган экени такталган эмес.

Учурда Суу кодекси мөңгүлөрдүн ээришин тездеткен күлдөрдү, майларды, көмүрдү жана башка заттарды колдонуу менен ишмердик жүргүзгөнгө тыюу салат.

Мындан тышкары, 2015-жылы парламент бул өзгөртүүлөрдү кабыл алууга аракет жасаган. Бирок коомчулуктун сын-пикирлери менен бир нече депуттардын каршылыгынан улам мыйзам долбоорун артка кайтарышкан.

Бул жерде Кумтөрдүн кандай тиешеси бар?

Эгерде өзгөртүүлөрдү колдошсо «Центерра» компаниясы бюджетти түзүүчү ишкана катары Кумтөр алтын кенинин барбордук карьерине жакын жайгашкан Давыд жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштете алат.

Мурдараак өкмөт «Центеррага» бул мөңгүлөрдө убактылуу иштөөгө уруксат берип келген. Компания 2015-жылы мөңгүлөрдө иштөөгө тыюу салганы үчүн аз жерден өз ишмердигин токтотуп сала жаздаган.  

Парламенттин комитетинде өзгөртүүлөрдү талкулоо учурунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, бул эки мөңгүнүн көпчүлүк бөлүгү ээрип кеткен, ал эми мыйзам долбоорун «экономикалык түшүнүктөр» үчүн кабыл алуу керек.  

«Факт менен айтканда бул мөңгүлөр жок болуп калыптыр. Өкмөт өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын алар башка мөңгүлөргө болгон таасирди токтото алат», — деп түшүндүрүүдө.

Адистердин баалоосуна караганда, Давыд менен Лысый мөңгүлөрүнүн көлөмү Кумтөр кенин иштетүү башталганга чейин 700 млн куб метрди түзүп турган, учурда ал жакта 200 млн куб метр мөңгү калган.

«Центерра» компаниясы 2016-жылы эл аралык эксперттерге таянып, мөңгүлөр кен чыга турган жердин жалпы аянтынын болгону 5% түзөөрүн билдирген. Алардын айтымында, Давыд менен Лысый мөңгүлөрүнүн ээрип жаткандыгынын ыктымалдуу себеби глобалдык жылуулуктан улам болушу мүмкүн.

Өзгөртүүлөрдү колдоо эмнеге алып келиши мүмкүн?

Эколог Эмил Шүкүров депуттар өзгөртүүлөрдү өздөрүнүн жеке пайдасы үчүн кабыл алууну каалашууда деп эсептейт.

«Парламент биздин бардык жаратылышыбызды жок кылмайынча жаны тынбайт. Алардын чечимдеринин көпчүлүгү экологияга каршы багытталган. Парламенттин депутаттарынын көпчүлүгү — жеке ишкерлер болгону жаман. Аларда биринчи кезекте дайыма киреше турат», — деди эколог.

«Геоприбор» илимий-инженердик борборунун директору, профессор Исакбек Торгоевдин пикиринде, оор темирлер менен химикаттар аралашкан миллиондогон тонна тузсуз суулардын калдыктары Давыд менен Лысый мөңгүлөрүнүн ээришинин башкы көйгөйү болуп эсептелет. «Центерра» компаниясы кеткенден кийин алар Кыргызстандын эң ири дайралары — Нарын — Ысык-Көл көлүнө түшүшү мүмкүн.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков мыйзам долбоорунун кабыл алынышын Кыргызстандын «Центерра» компаниясына утулушу катары бааласа болот деп эсептейт.

«Мен депутаттардан жана өкмөт мүчөлөрүнөн силер эмне кылып, эмнеге жол берип жатканыңарды билбейсиңерби деп сурагым келет. Учурдагы Кумтөрдүн кейиштүү абалына себепкер болгон “Центерранын” акционерлери жана аларды коргогондордун айынан келечек муунга Орто Азия аттуу чөл калабы?» — деди ал.

Активисттер 8-ноябрда парламенттин алдында бул өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына каршы митинг өткөрүүну пландашууда.

Мөңгүлөр боюнча президент эмне деп айтууда?

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы Ассамблеясында билдиргендей, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн тынымсыз ээрип жатканы «өзгөчө тынчысызданууну» жаратууда.

Ал БУУнун трибунасында билдиргендей, кыргыз мөңгүлөрү Борбор Азия эле эмес дүйнөдөгү таза сууну пайда кылган зона, табигый сактоочу жай жана 2100-жылы Кыргызстандын мөңгүлөрү таптакыр жок болушу ыктымал.

«Ошондуктан биздин өлкө аска-тоо дайралардын башындагы өлкөлөрдүн мөңгүлөрүн сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чыгып жатат», — деген ал ошондо.

Кыргызстанды аймагында өлкөнүн жалпы аянтынын 4,2% ээлеген 6 миңден ашуун мөңгүлөр бар. Адистердин баалоосу боюнча, акыркы 30-40 жылда Кыргызстанда миңден ашуун мөңгүлөр ээрип кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: