Ош облусу: Жол кырсыгынан Тажикстандын беш жараны жабыркады

Ош облусундагы Бишкек — Ош жолунда жүргүнчү ташыган кичи автобус жеңил унаа менен сүзүштү. Жол кырсыгынын натыйжасында кичи автобустун салонунда болгон Тажикстандын беш жараны жабыркаган.

Жол кырсыгы 7-ноябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында катталган. «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус «Ниссан Альмера» жеңил унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынан улам «Мерседес Бенц» кичи автобусунда болгон Тажикстандын беш жараны жабыркаган.

«Учурда биз кичи автобуста болгон адамдардын бардыгынын тек-жайларын аныктап жатабыз. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алардын бардыгы Тажикстандын жарандары», — деп билдиришти Ош облусунун ИИБнен.

Жалпысынан кичи автобуста 24 адам болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Орусиядан кайтып келе жатышкан.

Патрулдук милиция жол кырсыгынан себептерин аныктап жатат, ошондой эле, бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Сүрөт: Turmush

ТЕМА БОЮНЧА: