АКШ: Ренат Самудинов жана анын колуктусу АКШнын чек арасында кармалды

КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов

Бир нече ЖМКлар билдиргендей, КСДПнын жаштар канатынын мурдагы башчысы Ренат Самудинов менен анын колуктусу Элнура Молдокадырова АКШ менен Мексиканын чек арасында кармалышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аларды америкалык визанын жоктугу үчүн кармашкан.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» редакциясы Ренат Самудиновдун өзүнө дагы жана анын колуктусу Элнура Молдокадыровага дагы байланыша алган жок.

Kaktus.Media басылмасы өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү маалымат булактарына таянып билдиргендей, Самудинов менен Молдокадырова Америка менен Мексиканын чек арысында кармалышкан.

Жубайларды кармоого аларда америкалык визанын жоктугу себеп болгон. Kaktus.Mediaнын маалыматына ылайык, Самудинов менен Молдокадырова АКШдан саясий башпаанек сурашкан.

Тышкы иштер министрлигинен Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, Самудинов менен анын жубайынын кармалышы боюнча маалымат такталууда.

Ренат Самудинов бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынын жаштар канатынын башчысы болчу.

Бирок анын президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгаруу үчүн праймериз (ички партиялык шайлоо — ред.) өткөрүү сунушунан кийин Самудиновду алгач жаштар канатынын жетекчилик кызматынан алышып, андан соң КСДПдан чыгарышкан.

Самудиновду чыгаруунун демилгечиси КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарияд Ниязов болгон. Самудинов өзүнүн партиядан чыгарылышына анын бирдиктүү талапкерди чыгаруу процессине болгон сын пикири себеп болгонун айткан. Анда партиядан шайлоого Сооронбай Жээнбековду чыгарышкан.

КТРКда өзүнүн жеке программасын алып барган Элнура Молдокадырова анын жолдошунун КСДП менен болгон араздашуусу башталгандан кийин каналдан кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: