Казакстандын өкмөтү Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүп берүү келишимин денонсациялоону баштады

Казакстандын өкмөтү Кыргызстанга 100 млн доллар техникалык жардам берүүнү чакыртып ала турган документтерди иштеп чыкты. Кыргызстандын парламенти өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык араздашуулардын шартында үч окууда Казакстандын жардамынан баш тартууну колдогон.

Казакстандын Улуттук экономика министрлиги Кыргызстан менен келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты, келишимге ылайык, алар Кыргызстандын ЕАЭБге интеграция болуусу үчүн 100 млн доллар жардам катары бөлүп берүүсү керек болчу.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Мухтар Тлеуберди билдиргендей, алар Кыргызстанда келишимдин денонсация болуп бүтүүсүн күтүп жатышат.

«Азырынча Кыргызстандан болгону ТИМдин расмий нотасы гана бар (денонсацияны баштоо жөнүндө ниет — ред.), бирок денонсациянын өзү өтө элек. Учурда мыйзам долбоору алардын парламентинен өттү, ага президент тарабынан кол коюлушу керек, ошондон кийин гана алар бизге денонсацияны күбөлөндүрүү боюнча расмий нотаны тапшырышканда биз бул процесске өтөбүз», — деди ал.

Буга чейин Казакстандын Улуттук экономика министри Тимур Сулейманов Кыргызстанды колдоого багыттала турчу каражат кандай пайдаланаары боюнча чечим 2018-февралында кабыл алынаарын айткан.

«Биринчи денонсация жол-жоболорун аяктоо керек. Бул жөнөкөй жол-жобо эмес. Анын денонсациялоо үчүн биз ички жол-жоболорду өтүшүбүз керек. Алар биротоло жыйынтыкталгандан кийин чечим кабыл алынат», — деди ал.

Казак парламентинин депутат Маулен Ашибаев билдиргендей, 100 млн долларды Казакстандын социалдык тармагын өнүктүрүүгө сарптаса болот.


ТЕМА БОЮНЧА: