Октябрдын ортосунда Кыргызстандын өкмөтү памирлик кыргыздардын бир нече үй-бүлөсүн Ооганстандан Нарын облусуна көчүрүп келген. «Клооптун» кабарчылары памирликтер жаңы жерде кандай жашап жатышканын билүү үчүн барып кабар алып келишти.

Куланак айылы Нарын шаарынан 30 километрдей алыстыкта жайгашкан. Бул жакка келип, бир айдан азыраак убакыттан бери жашап жаткан памирлик кыргыздарга жолугушуу үчүн Бишкектен беш сааттай жол жүрүү керек.

Аларды убактылуу жергиликтүү кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырышкан. Жатакананын кире беришинде, «Кош келиңиздер, памирлик бир туугандар!» деп жазылган көрнөк илинген. Лицейдин аймагын коруп турган милиция кызматкери, Ооганстандан келген коноктор журналисттерден тажашканын айтып, бизге эскерттүү бергендей болду. Күнүнө жок эле дегенде экиден телеканал памирлик кыргыздар жөнүндө репортаждарды тартып, буга айрым памирликтер нааразы болуп жатканын кошумчалады.

Сактап калуу үчүн көчүрүп келүү

Жатаканага киргенде эле, сырттагы термометрдин көрсөткүчү менен имараттын ичиндеги температуранын ортосунда анчейин айырма жоктой сезилди. Бирок памирликтерди экинчи кабатка жайгаштырышкан — ал жакта жылуураак жана ыңгайлуу: жаңы эле оңдоо иштери жүрүп, айрым эмеректер коюлганы көрүнүп турат. Конокторго алардын убактылуу жаңы үйүндө кызыксыз болуп жаткандай: памирлик эркектер фойеде отурушуп, сыналгыдан кыргыз музыкасын көрүшүүдө. Ал учурда өспүрүмдөр чөнтөк телефондорун «чукулоо» менен убара.

Биринчи кабаттагы милиционердин айткан сөздөрү калыс болгондой сезилди — биз памирлик кыргыздар менен алардын Кыргызстанга көнүшүү процесси кандай өтүп жаткандыгы тууралуу кеп баштайлы деп аракет кылып жатканда, алар анчейин деле байланышка баргылары келбей, болгону — бардыгы жакшы дегенсип баштарын ийкеп жатышты.

Аңгычакты узун коридордо атайын чакыруу менен келген тез жардам врачын кезиктирдик. Памирде көз жарып, баласы чарчап калган жаш келинди ата-энесинин коштоосунда ооруканага алып жөнөптүр. Эми аны төрөттөн кийинки оорулар кыйнап жаткан экен — доктурлар аны тез жардам унаасы менен алып кетишүүдө. Дарыгерлердин айтымында, бейтапты медициналык кароодон өткөргөндөн кийин ооруканага жаткыруу же жатаканада дарылоо чечими кабыл алынат.

Тез жардам унаасында.

Памирликтер келгенден кийин дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан — алардын ичинен төртөөсүндө жүрөк кемтиги, дагы алтоосунда өнөкөт бийиктик дарты (дем жетпегендик — ред.) аныкталган. Ал учурда дарыгерлер жүрөк кемтиги дарты менен жабыркап, Памирде жашап келгендерди бул жакка алып келүү менен сактап калдык деп айтышкан.

«Айланам кыргыз элимден»

Биз бул жакка оогандык коноктордун эч кандай окуу программасы болбогон дем алыш күнү барган элек — күндүзү алар кыргыз тили менен математика сабактарын окушат. Бош убактарда өспүрүмдөр өздөрү менен өздөрү — азырынча жергиликтүү бийлик аларга эч кандай кошумча иш-чараларды уюштура элек.

«Биз эшикке деле чыгабыз, бирок бизде ойнош үчүн топторубуз жок», — деп кейишти алар. Кийинчерээк жылуу кийимдери жана ойноого ылайыктуу бут кийимдери да жок болуп чыкты — алардын эшиктин босогосунда турган бут кийимдери эскилиги жеткендиктен тамандары түшөйүн деп калган. Балдар жатакананын ичинде үй бут кийимдерин кийип жүрүшөт.

Кыргызстанда аларга жагып жатабы деген суроого, балдар бир добуштан «Эли жакты, жери жакты!» деп жоопторун алдын-ала жаттап алгандай жооп беришти.

Бөлмөлөрдүн биринде олтурган 7 жаштардагы кыз түстүү кагаздан гүл жасоого аракеттенип жатат. Анын беттери суукка тотуккан, чачтары төрткө өрүлгөн жана көйнөгү кызыл. Бул Кайриниса — ал Кыргызстанга үй-бүлөсү менен чогуу келген.

Кайриниса бизди классына алып кирип, кыргыз тили жана математика сабагы боюнча жазып жаткан дептерлерин көрсөттү — учурда бул жакка жергиликтүү мектептин мугалимдери кезектешип келип өз предметинен сабак өтүүдө. Кайринисанын окууга болгон дилгирлиги дароо байкалып турат — ал Кыргызстанда билим алууга болгон пландары менен бөлүшүп, доктур болгондон кийин Памирдеги бейтаптарды айыктыргысы келгенин айтты. Азырынча памирлик өспүрүмдөр кыргыз арибиндеги тамгалардын бир нечесин жатташкан.

Кайриниса бизге ага атайын Нарындан келген тарбиячы Турсун Кочкорбаева жаттаткан ырды айтып берди:

Аскасы асман тиреген,

Талаасы жашыл шибери,

Кучагын жайып тостуңар,

Айланам кыргыз элимден.

Билим берүү үчүн Нарынга алты үй-бүлөнү алып келишти — алардын саны жалпы 33 адамды түзөт. Алардын ичинен 16сы — 6дан 17 жашка чейинки жаш балдар менен өспүрүмдөр. Өспүрүмдөрдүн арасында өз кезинде ооган парламентинин мүчөсү болуп турган маркум Турдакун ажы Атабек уулулун эки уулу да бар.

Алардын бири 15 жаштагы Абдулалим Тажикстандын Тоолуу-Бадахшанында 9-классты аяктаган. Кыргызстанга келгенден кийин анын деңгээлин мугалимдер 5-класска теңеп баалашканын айтты. Анткени учурда ал тең туштарынан төрт жылга артка калганына кабатырланып турат.

Абдулалимдин оюнча, Кыргызстанда памирликтерге сабактарды жакшы өтүшүүдө — ал кыргызча жаза да баштады. Эгерде өспүрүм жергиликтүү мектеп программасын өздөрштүрүп кете албаса, Ооганстанга барып мектепти аяктап келет — эки жылдан кийин Абдулалим университетке тапшырууну каалайт.

Кайриниса бизди классына алып кирип, кыргыз тили жана математика сабагы боюнча жазып жаткан дептерлерин көрсөттү.

«Кылаарга ишибиз жок»

43 жаштагы Сайдирахман Аппай улуу бул жакка өз үй-бүлөсү менен кошо келген: колуктусу, эки баласы жана агасынын эки уулу. Мекениндеги бардык мүлкүн ал өз агасына тапшырып келген.

Ал бир жыл мурун Кыргызстанга келе тургандардын тизмесине кошулганын айтты. Андан кийин үй-бүлө мүчөлөрү үчүн паспорт жасата баштаган. Үй ээси бир чет элдик паспорт алууга 6 миң афгани (ооган акча биримдиги, 1 афгани 1 сомго барабар) жумшаган.

Сайдирахман колуктусу жана балдарынын бирөөсү менен жашаган бөлмөдө бири эки кишилик, дагы бири бир кишилик — керебет, бир шкаф, олтургуч менен үстөл жана бир нече бөлмө гүлү орун алган. Жерде бир өңчөй түстөгү кызыл килем төшөлгөн. Памирликтин айтымында, анын үй-бүлөсүнө Кыргызстандын жерине, элине көнүшүү кыйынчылык жараткан эмес. Алты күн жол жүрүп, 2500 чакырымды артта калтырган үй-бүлө, балдары мугалимдик же дарыгерлик кесипти аркалайт деп үмүттөнүп турат.

«Тамак-ашыбызды өкмөт берип жатат. Ошентип эле отурабыз. Балдар окуп жатышат, биз дагы түштөн кийин мектепке барабыз. Тамга үйрөнүп жатабыз. Азыр кылаарга ишибиз жок. Тил жагынан кыйналбадык деле. Биздин тилибиз — кадимки эле кыргыз тили. Сиздердин тилиңиздер орусчага аралашып кеткендиктен, баамдай албай калып жатабыз», — деди Сайдирахман.

Рабия салттык кызыл түстөгү алтын оймо-чиймелер түшүрүлгөн көйнөк кийген — памирлик аялдар аларга абдан көнүп калышкандыктан Кыргызстанга келгенде берилген кара түстөгү кийимдерди кийүүдөн баш тартышкан.

Рабияны кепке тартканыбызда, биздин сөздөргө жакшы түшүнө албай жолдошунун көзүн улам-улам карап жатты. «Ашпозчулар кесме, манты жасаганды силерге үйрөтүп жатканын айт» деп шыбырады жолдошу. Бирок анын колуктусу бир аз муңайыңкы баяндап берди өз күнүн:

«Бул жакта эртең менен туруп чай ичебиз, түштөнөбүз, андан соң кир жууйбуз — ошентип кеч да кирет. Эшикке чыгып, айлананы, шаарды көрүп, базарларды аралагыбыз келет. Бирок бизди чыгарышпайт».

Рабия кир жууп жаткан учурда

Сайдирахмандын 18 жаштагы уулу Хабибирахман Тажикстанда 9-классты аяктап келген, азырынча анын үй-бүлөсү Кыргызстанда биротоло калабы же жокпу убакыт көрсөтөөрүн айтты.

«Ал жерде [Ооганстанда] согуш бар. Эшикке чыгып эркин баса албайбыз. Бул жакта жакшы экен, баары аралашып жүрө беришет», — дейт Хабибирахман.

Сайдирахман жатакананын короосунда таза абадан кере дем алганча, өкмөт үй-жер берип калса, Кыргызстанда тиричиликти алып кетүүгө көзү жетээрин кошумчалады. Жакында эле бийлик Кыргызстанда жубайы көз жарып, уулунун ысымын президент Алмазбек Атамбаевдин урматына, Алмазбек деп койгон үй-бүлөгө үй бериптир. «Калган 5 үй-бүлөнүн тагдыры кандай болоору белгисиз», —  деп үшкүрдү Сайдирахман.

Чыгууга тыюу салынган

Түшкү тамактануунун убактысы келди — бул күнү памирликтерге жергиликтүү тургундар белек кылган койдун этинен жасалган шорпо берилди. Үч апта мурун алар памирликтерди кубануу менен тосуп алышкан, эми алар менен баарлашып, эстеликке сүрөткө түшүүнү каалашат, бирок жергиликтүү бийлик азырынча элеттиктерге памирликтер менен көрүшүүгө уруксат бере элек. Нарын шаарынын жана четки айылдардын айрым жашоочулары бир өспүрүмдү же үй-бүлөнү турмуш-тиричиликти алып кетүүгө жана заманбап коомго аралашууга жардам берүү үчүн өз карамагына алууга даяр.

Жатаканада түшкү тамактануунун убактысы келди

Миграция кызматындагылар памирликтер учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болгондуктан, коноктор жатаканын аймагынан убактылуу чыга албай турганын маалымдашты.

«Памирликтер тоолуу өрөөндө жашап жүрүшкөн. Бул жакта көчөгө чыгып, кокусунан сасык тумоо жуктуруп алышса айыктыруу кыйын болот. Азыр булар биздин климаттык шартка көнүшүү мезгилин өткөрүп жатышат. Эки айдан кийин өз каалоосуна жараша бүт жактарга бара алышат. Мындай чечим доктуралардын сунушу менен кабыл алынган», — деди мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев.

Аталган кызматтын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова, өкмөт билим берүүгө алып келген памирлик кыргыздарга ар тараптуу жардам көрсөтүлүп жаткандыгын белгилейт. Анын айтымында, көнүшүү процесси аяктаганда — бир айдан кийин —  памирликтер Нарын облусунун ар кайсы райондоруна жайгаштырышат. Ал жакта памирликтердин жашоосуна «бардык шарттар» каралганын айтат.

«Азырынча памирликтер Кыргызстанда 5 жылга калууга уруксат алышкан. Биз аларды кантип эле колдоосуз жана кароосуз калтырып коё алабыз? Өз алдынча турмуш-тиричилик жүргүзүп кетүүсүнө бардык аракетибизди жумшайбыз», — деп билдирди Мамбетова.

Фотосүрөт: Алмир Алмамбетов, Эржан Бейшеналиев