Ош: Мурдагы судьяга кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун мурдагы судьясына муниципиалдык менчикти ажыратуу боюнча «укук ченемдеринен тышкары» чыгарган чечими үчүн кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2013-жылы мэриядан убактылуу пайдаланууга Оштун тургуну 148 чарчы метр жер тилкесин алган. Бирок андан соң «уруксатсыз» аянтты 515 чарчы метрге чейин кеңейтип, участокто кафе куруп алган.

«Ал жеке менчиктин ээси эмес экенин билип туруп жеке менчикке болгон укукту өзүнө таануу боюнча арыз менен сотко кайрылган», — деп билдиришти башкы прокуратурадан.

Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун мурдагы судьясы бул арызды «укук ченемдеринен тышкары» канааттандырып, Оштун тургунун «уруксатсыз» кеңейтилген жер тилкесинин ээси деп тааныганын аныктаган.

Кийинчерээк Оштун жашоочусу бул участокту 3 млн 640 миң сомго сатып жиберген.

Ош облустук соту 2015-жылы муниципиалдык жердин укук ченемдеринен тышкары берилгени боюнча шаардык соттун чечимин артка кайтарган.

Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун мурдагы судьясын «муниципиалдык жеке менчикти укук ченемдеринен тышкары ажыратуу» боюнча күнөөлөп, «Кызмат абалынан кыянат пайдаануу» жана «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: