Атамбаевдин маалымат жыйыны 20-ноябрга жылды

Президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы маалымат жыйыны 15-ноябрда Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрө тургандыгына байланыштуу 20-ноябрга жылдырылды.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, президент 15-ноябрда Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрөт.

Ошол себептүү президенттин акыркы маалымат жыйынын 15-ноябрдан 20-ноябрга жылдырышты.

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңеш Улуттук стратегияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенет.

Атамбаев президенттик кызматынын башталышында 2013-жылдан 2017-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияны иштеп чыккан. Анда өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийлик аткара турган негизги иш-чаралар менен багыттар жазылган.

Учурда өкмөт «Таза коом. Жаңы доор» деп атаган Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын иштеп чыккан.

Жаңы долбоор өзүнө элдин бакубаттуулугу менен анын коопсуздугун камсыздай турган 40 кадамды, 20 кадам реформа жана 20 кадам өнүгүүнү камтыйт. Жаңы стратегия 2013-2017-жылдарга багытталган Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиясынын ордун басат.

Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктары 2017-жылдын 1-декабрында аягына чыгат. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: