Жээнбековдун инаугурациясына 13 млн сом жумшалат

Өкмөт Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү салтанатына 13,1 млн сом чыгымдайт. Инаугурация 24-ноябрда өтмөкчү.

Каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин профилдик комитенинин жыйынында билдиргендей, Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү салтанатына 13,1 млн сом сарпталат.

Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясына 2011-жылы 10 млн сом сарпталган. Ал эми Курманбек Бакиевдин ушундай эле салтанатына 2009-жылы бюджеттен 20 млн сом коротулган.

Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү салтанаты 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов билдиргендей, инаугурацияга башка өлкөлөрдүн башчылары чакырылган эмес.

Бирок анын айтымында, инаугурацияга Кыргызстанда иштеген чет өлкөлөрдүн бардык элчилери чакырылат.

Кыргызстандагы шайлоо

Бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. БШК анын жеңишин 30-октябрда жарыялаган.

Жээнбеков шайлоочулардын 54,22% добушун алган. Анын башкы атаандашы, ишкер Өмүрбек Бабанов добуштардын 33,49 пайызын алып, экинчи орунду ээлеген. Шайлоодон төрт апта өткөн соң башкы прокуратура «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон.

Шайлоого жалпысынан 1 млн 697 миң 868 адам келип, бул жалпы шайлоочулардын санынын 56,34% түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: