Башкы прокуратура 36 млн сомго 46 машина сатып алгысы келет

Башкы прокуратура жалпы 36,7 млн сомго 46 женил унаа сатып алыш үчүн тендер өткөрөт. Өлкөнүн башкы көзөмөл органы райондор менен облустардагы эски машиналарды алмаштырууну пландап жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, машиналарды сатып алууга 36 млн 750 миң сом сарптоо пландалууда.

Табыштамага ылайык, бардык унаалар акыркы моделде жасалган 2017-жылкы машиналар болушу зарыл.

«Сатып алынуучу автоунаалар эскилиги жетип, өз ресурсун иштеп бүткөн чыгымдуу болуп калган машиналардын ордуна райондук жана облустук прокуратуларга бөлүнүп берилет», — деп айтылган маалыматта.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, органга машиналарды сатып алуу акыркы жолу 2006-жылы жүргүзүлгөн. Бирок мыйзам боюнча автопаркты жаңылоо ар бир жети жылда болуп турушу керек.

Мындан тышкары, жаңы машиналарды сатып алуу мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруу үчүн бюджетке түшкөн акчаларга жүргүзүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: