Башкы прокуратура: ӨКМ мамлекетке 2,7 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген

Башкы прокуратура Жалал-Абад облусундагы дамбаны оңдоо боюнча тендер эреже бузуулар менен өткөндүгү фактысына ылайык кылмыш ишин козгоду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери мамлекетке 2,7 млн сомдук зыян келтиришкен.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ӨКМдин курамына кирген «Сел жана суу ташкындарын коргоо» мамлекеттик агенттиги 2016-жылы Жалал-Абад облусундагы Кара Үңкүр Сай дайрасындагы дамбаны оңдоо үчүн тендер өткөргөн.

«Конкурстук комиссия киреше табуу максатында кысым көрсөтүү менен утуп чыккан компанияны келишим түзүүдөн баш тартууну жазууга мажбур кылган», — деп айтылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Дамбанын реконструкциясына жооп берген «Сел жана суу ташкындарын коргоо» мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери анын «квалификациялык талаптарына жооп бербегенине» карабастан башка компания менен келишим түзүшкөн.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, дамбаны калыбына келтирүүгө келишимди алган компания «эң эле көп өлчөмдөгү каражатты сунуштоо» менен өз кызмат акысын жогорулатып салган.

Натыйжада мамлекетке 2 млн 701 мтң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

«Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү» жана «Тендерди өткөрүүнүн эрежесин бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: