Кыргыз-казак чек арасында кайрадан 500дөн ашуун жүктүү унаа чогулуп калды

Сүрөт: Александра Титова, Kloop.kg

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде 577 жүктүү унаа чогулуп калган. Чек арадан өтүү кырдаалы казак чек арачылары бош жана транзиттик жүк унааларын тездетилген тартипте өткөрө башташкандан кийин жакшырып калган болчу.

Кыргызстандын чек ара кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, Чүй облусундагы «Ак-Тилек» бекетинде 365 жүктүү машина чогулуп калган.

Талас облусундагы «Чоң-капка» көзөмөл бекетинде 212 жүк унаасы турат.

«Ошондой эле, "Ак-Жол" менен "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде анчейин көп деле эмес адамдар менен жеңил машиналардын чогулуп калганы байкалууда», — деп маалымдашты чек ара кызматынан.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын бийлигинин дарегине айткан сын-пикирлеринен улам оорлошуп кеткен. Негизинен өлкө башчысы аларды өлкөнүн «байлыгын урдоого» айыптаган.

Ошондон кийин 10-октябрда казак чек арачылары жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин күчөтүшкөн — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр пайда болуп, авто тыгындар жарала баштаган.

Кырдаал эки өкмөттүн башчылары жарандар менен бош автоунааларды чек арадан жеңилдетилген тартипте өткөрүп баштоо боюнча келишишкенден кийин 18-октябрдан баштап жеңилдеп калган болчу.

Бирок жүктүү унааларды жеңилдетилген тартипте өткөрүү боюнча маселе бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек.

Мындан тышкары, Атамбаев 15-ноябрда билдиргендей, Казакстандын бийлигинен кечирим сурабайт, анткени алар «бетпактык менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишишүүдө».

Атамбаевдин айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдын айынан Кыргызстан ИДПнын 0,3 пайызын жоготот, бирок өлкө «бул нерсени башынан кечире алат».


ТЕМА БОЮНЧА: