Вице-премьер-министр Зилалиев «башка кызматка которулду»

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев

Өкмөттө үч ай иштегенден кийин вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан алынды. Зилалиев Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын кура турган чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишим түзгөн, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштетүүгө уруксат берген Суу кодексине өзгөртүүлөрдү коргоп жаткан болчу.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Зилалиевди вице-премьер-министрлик кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Зилалиевдин кызматтан кетишин «башка жумушка өтүп жаткандыгы» менен түшүндүрдү, бирок аткаминер кайсы кызматты аркалай баштаары белгисиз. Ошондой эле, азырынча вице-премьер-министрлик кызматка кимди дайындашаары дагы белгисиз.

Зилалиев  Исаков премьер-министрлик кызматка келгенден кийин 25-августта вице-премьер-министр болуп калган.

Зилалиев дал өзү Жогорку Нарын ГЭСтерин кура турган чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишим түзгөн. Кийинчерээк Кыргызстан Liglass Trading Кыргызстандын орусиялык «РусГидро» компаниясынын алдындагы 37 млн доллар өлчөмүндөгү карызын төлөбөй койгондугунан улам келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

Шайлоо өнөктүгү алдында Зилалиев Шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектей баштаган. Бирок аны кийинчерээк бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго «жеке артыкчылык» билдиргени үчүн бул кызматтан алышып, ал эми Исаков ага катуу сөгүш жарыялаган.

Мындан тышкары, Зилалиев парламентте Кумтөрдүн карьерине жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштетүүгө уруксат берген Суу кодексине өзгөртүүлөрдү коргоп жаткан болчу. Өкмөт өзгөртүүлөрдү кабыл алууну «Кумтөр» компаниясынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Укук коргочулардын каршылык акциялары менен митингдерине карабастан депутаттар 16-ноябрда «Кумтөр» компаниясына эки мөңгүдө иш алып барууга уруксат беришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: