ИИМ: Азырынча Аида Салянованын инисинин өлүмүнө шектүүлөр табыла элек

Ички иштер министрлиги маалымдагандай, азырынча мурдагы башкы прокурор Аида Саянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү  боюнча иликтөө жыйынтык бере элек. Белгисиз беткапчан адамдар 6-ноябрда аны өз үйүнөн атып кетишкен.

Саляновдун өлүмү боюнча тергөөчү Сүйүнбек Аблатов «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында билдиргендей, азырынча иликтөө жыйынтык бере элек.

Аблатовдун айтымында, милиционерлер 50дөн ашуун байкоо камераларынын жазмаларын алышкан, бирок алар Саляновду аткандар жүргөн машинанын үлгүсүн так аныктай алышкан эмес.

«Камералар байкап калган машина издөөдө. Тилекке каршы, интернетке көптөгөн фактылар чыгып кетип, бул биздин ишке тоскоолдук жаратты. Бүгүнкү күндө анык-айкын шектүү жок», — деди Аблатов.

Анын айтымында, укук коргоо органдары кылмыштын бардык версияларын караштырышып, күбөлөрдү сурап жатышат.

Милициянын маалыматына ылайык, Улан Салянов Макаров тапанчасы менен атылган — кылмыш болгон жерде бир ок менен октун эки түтүгү табылган.

Ошондой эле, Аблатов эгерде Саляновдун туугандары суранышса ИИМ аларга күзөтчүлөрдү бергенге даяр экенин айтты.

«Бизде өлтүрүлгөн адамдын үй-бүлөсүн кайтарууга алууга бардык каражаттарыбыз менен мүмкүнчүлүктөрүбүз бар жана биз бул жөнүндө аларга айтканбыз. Бирок алар тараптан ИИМге арыз менен эч ким кайрылган эмес. Эгерде бизден суранышса, биз аларды кайтарууга киришебиз», — деп билдирди Аблатов.

Улана Саляновдун өлүмү

Саляновду 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атып кетишкен. Милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар үчөө болгон — алар беткапчан жана колкапчан болушкан. Анын туугандарынын айтымында, кылмышкерлер камуфляж кийинген, аскер өтүкчөн болушкан.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти иликтөөнү ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган.

Ошол эле күнү ИИМ Улан Саляновдун өлтүрүлүшүн «саясий эмес иш» деп жарыялаган.

Бирок «Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын мүчөлөрү кылмышты «саясий» деп эсептешип, бийликтен Аида Салянова менен партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин коопсуздугун камсыздоону талап кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: