Атамбаев эки жаңы майрамды бекитти

Президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрда белгилене турган эки жаңы майрам жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду. Алар:  «Тарых күнү» менен «Бабаларды эскерүү күнү».

Атамбаев 22-ноябрда мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, 7-8-ноябрь майрам күнү болуп таанылат. Жаңы майрамдарды Атамбаев өзү демилгелеген.

Анын айтымында, майрамдарды киргизүү «1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары менен 1916-жылдагы кайгылуу окуяларга, тарыхый калыс баа берүү» үчүн керек.

Мыйзам долбоору кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.

Быйыл 7-8-ноябрь майрам күндөрү алгачкы жолу белгиленди. Президент өкмөткө өлкө боюнча тарыхый адамдар менен бабаларды эскерүү күнүн өткөрүүнү тапшырды.

Атамбаев саясий репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси менен Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар койгон.

«Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат», — деп билдирген Атамбаев.

Орусиянын мамдумасы менен талаштар

Атамбаев жаңы майрамдарды түзүү боюнча сунуш киргизгенден кийин Орусиянын мамдумасынын вице-спикери Игорь Лебедев Орусияда жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында кыргызстандыктар үчүн улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү колдонууга тыюу салууну сунуштаган.

Лебедевдин оюнча, Атамбаевдин Кыргызстанда Октябрь революциясынын күнүн «Тарых күнү» менен «Бабаларды эскерүү  күнүнө» алмаштыруусу «душмандык кадам» болгон.

«Кыргызстанда орус тили экинчи расмий тил катары эсептелет. Бирок биз азыр кыргыздар Кыргызстандын Орусияга каршы көтөрүлүү күнүн улуттук майрам кылып алышканын көрүп турабыз. Биз бул нерсени биздин өлкөгө карата абдан эле душмандык кадам деп эсептейбиз», — деген ал.

Учурда мыйзам долбоору мамдумада алдын ала кароодо жатат.

Ал эми президенттин аппараты өз кезегинде билдиргендей, Лебедевдин айткандары «анын окуянын маанисин толугу менен түшүнбөгөнүн айгинелеп турат».  

«Бул теманы өз мүдөөсүнө пайдалануу аракети менен өз мамилесин эмгек мигранттарынан чыгаруу адептүүлүккө жатпайт жана көз карандысыз мамлекетке карата кечиримдүү эмес», — деп айтылган билдирүүдө.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, 1916-жылдагы окуяларды өлкөдө «Октябрь революциясын позитивдүү кабылдоонун себепкери» катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш жана бул окуялар «кыргыздарга өзүнүн улуттук мамлекеттүүлүгүн алууга» мүмкүндүк берген деп айтылган.


ТЕМА БОЮНЧА: