Өзбекстанда окуучулардын «кыздыгы» текшерилүүдө

Самарканд облусунда жогорку класстардын окуучулары менен коллеждердин студент кыздарын жалпылай гинекологго жиберишүүдө. Кыз белгилерин жоготуп алган же кош бойлуу болуп калган кыздардын арасында өзүн-өзү өлтүрүү көрүнүштөрүн алдын алуу максатында медициналык текшерүү жүргүзүлүүдө.

«Озодлик» басылмасы Самарканд облусунун администрациясындагы маалымат булагына таянып билдиргендей, чоң класстардын окуучу кыздары менен коллеждердин студент кыздары өздөрүнүн кыз белгилери бар же жогун тастыкташ үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүлөрү керек.

Маалымат булактын айтымында, бул чаралар «кыз белгисин жоготуп алышып же кош бойлуу болуп калышып, шермендечиликтен кутулуу үчүн өз жанын кыюуга барган жаш кыздардын арасында суициддин алдын алуу максатында» кабыл алынган.

Өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев Самарканд облусунда акыркы учурларда 145 кыз-келин өз жанын кыйган фактысына көңүл бургандан кийин бийликтегилер мындай кадамдарга барышкан.

«Биздин максат — эрте жыныстык жашоону баштап алышып, турмуштун оор кырдаалын башынан кечирип жаткан кыздарга жардам берүү. Биз эч качан аларды кемсинтүү максатын өз алдыбызга койгон жокпуз. Бул иш-чара кыздар депрессияга түшүп, өздөрүнө кол салып жибербөөлөрү үчүн кылынып жатат», — деп билдирген «Озодликке» облустук администрациядагы маектеш.

Самарканддагы колеждердин бириндеги мугалимдин айтымында, гинекологго баруу убактысы облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы тарабынан түзүлгөн.

«Эгерде дарыгерлерде айрым бир кыздардын абалдары боюнча күмөн саноолору пайда болгон болсо, аларды гинекологиялык кушеткаларда текшере башташкан. Мындан тышкары айрым бир кыздарга УЗИ кылышкан», — деди ал.

Репродуктивдик ден соолук боюнча борбордун дарыгери «Озодликке» кароолордун максаты кыздарды кемсинтүү эмес, медициналык кеңеш берүү экенин айткан.

«Өспүрүм кыздар кош бойлуу учурунда ар кандай патологиялар менен кездешишет. […] Бул нерсенин бардыгы жөнүндө биз аларга гинекологиялык кароолордун учурунда түшүндүрүп жатабыз», — деди ал.

Окуучу жана студент кыздар медициналык текшерүүгө мажбурлап жатышканына арызданышууда.

«Ошол күнү гинекологдо кароо учурунда студент кыздардын бири кош бойлуу экени белгилүү болгон. Жума күнү бул жөнүндө бүткүл коллеж билген. Жада калса мугалимдер ага кыйытып сүйлөшө башташкан», — деген кыздардын бири «Озодликке» курган маегинде.

Текшерүүлөрдүн натыйжасында ондогон кош бойлуу болуп калган кыздар аныкталган, алардын айрымдары мектептерде окушат. Бирок ошого карабастан дарыгерлер булар тууралуу бир гана ата-энелерине маалымдашууда.

«Айрым кыздар жеңил жашоонун кызыгына азгырылып, кош бойлуу болуп калышкан. Алар 15-17 жаштарында кош бойлуу болууга даяр эмес. Коомдук шермендечиликтен кийин кризистүү учурлар пайда болууда», — деп айткан администрациянын кызматкери.

Өзбекстанда өз жанын кыйгандардын саны боюнча расмий маалыматтар жок. Дүйнөлүк ден соолук уюмунун маалыматына ылайык, 2012-жылы өлкөдө суициддин 2184 учуру катталган.


ТЕМА БОЮНЧА: