Зилалиев Маммүлк фондусунун башчылыгына дайындалды

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев

Премьер-министр Сапар Исаков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун башчылыгына дайындады.

Исаков Зилалиевди ММБФнын башчылыгына дайындоо боюнча буйрукка 23-ноябрда кол койду. Ал бул кызматка 23-ноябрда жумуштан алынган Болсунбек Казаковдун ордуна келет.

Буга чейин Зилалиев үч ай аралыгында вице-премьер-министрлик кызматты ээлеп турган. Аны «башка жумушка өтүп» жатат деп түшүндүрүшүп, 17-ноябрда кызматтан кетиришкен.

Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматта Жогорку Нарын ГЭСтерин кура турган чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишим түзгөнгө үлгүргөн. Зилалиев парламенттин алдында эгерде келишим ишке ашпаса жеке жоопкерчилик тартаарын убада кылган.

Кийинчерээк Кыргызстан «чех тарабынан милдеттенмелер аткарылбагандыгы» үчүн келишимди бир тараптуу жокко чыгарган, бирок Зилалиев эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес.

Ошондой эле, Зилалиевди шайлоо өнөктүгү учурунда бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго «жеке артыкчылык» билдиргени үчүн Шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилик кызматынан алышкан. Кийинчерээк министрлер кабинетинин башчысы ага катуу сөгүш жарыялаган.

Мындан тышкары, Зилалиев парламентте Кумтөрдүн карьерине жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштетүүгө уруксат берген Суу кодексине өзгөртүүлөрдү колдогон.


ТЕМА БОЮНЧА: