Казак аткаминерлери «Викиликске» таянып Атамбаев жөнүндө «психикалык оорулуу» деп жазышууда

Казакстандын сенатынын спикери Касым-Жомарт Токаев өзүнүн твиттеринде Алмазбек Атамбаевдин «психикалык оорулуу экени менен алкоголго берилгенин» жазган. Казак аткаминери «Викиликске» таянып жазган, бирок ал жакта мындай маалымат жок.

Токаев өзүнүн твитин 24-ноябрда Алмазбек Атамбаев президенттик ыйгарым укуктарды жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп жаткан күнү жарыялаган. Билдирүүдө казак аткаминери төмөндөгүлөрдү жазган:

«"Викиликсте" АКШнын [Кыргызстандагы мурдагы] элчиси [Стивен] Яңдын Атамбаевдин психикалык оорулуу экени менен анын алкоголго берилгендиги жөнүндө түркиялык дарыгерлерге таянып жазган билдирүүсү жарыяланган, бул паранойяны ырбатат. Анда бардыгы түшүнүктүү болууда! Болгону ага ден соолук тилөө гана калат».

Бирок «Клооптун» журналисттери ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жашыруун маалыматтарын жарыялаган «Викиликстин» өзүнүн сайтынан бул маалыматка тастыктама табышкан жок.

Жалыпысынан «Викиликсте» Атамбаев эскерилген АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин 120га жакын билдирүүлөрү бар, бирок аларда кыргыз саясатчысынын «психикалык оорулуу экени» же «алкоголго берилгендиги» жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.  

Мындан тышкары сайтта Кыргызстанга тиешелүү Яңдын билдирүүлөрү жок. Стивен Яң 2003-2005-жылдар аралыгында Американын Кыргызстандагы элчиси болгон. Ал эми «Викиликстеги» АКШ өкмөтүнүн жашыруун билдирүүлөрү 2006-жылдан 2010-жылдардагы мөөнөттөрдү камтыйт.

Американын дипломаттарынын «Викиликсте» табыла турган Кыргызстан жөнүндөгү маалыматтары негизинен элчилер Мари Йованович жана Татиана Гфеллер же элчиликтин башка кызматкерлери тарабынан жазылган.

Йованович, мисалы, 2007-жылдын мартында Атамбаев премьер-министр болуп калганда анын өмүр баянын түзгөн, бирок бул өмүр баянда дагы анын «психикалык оорулуу экени» же «алкоголго берилгендиги» жөнүндө жазылган эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: