Казак бийлиги Атамбаевдин сөздөрү боюнча үн катты

Казакстандын парламентинин сенатынын спикери Касым-Жоомарт Токаев президент Алмазбек Атамбаевдин «долуланган» сөздөрү эки өлкөнүн мамилесине зыян келтирээрин айтты.

Токаев өзүнүн твиттеринде Атамбаведин 15-ноябрда Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөздөрүнө карата жооп кайтарды.

Спикер Казакстан тараптан эч кандай бир блокада жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, анткени Кыргызстан ЕАЭБдин жоболору менен талаптарын аткарбай жатат деп эсептейт.

«Атамбаевдин Казакстанга карата кезектеги булганган асылган долулануу сөздөрү чыныгы достук мамилелерге зыянын тийгизет. Мындай эмоцияларга чоң саясатта орун жок. Кыргызстанды блокадага алуу жөнүндө кеп жок. ЕАЭБдин жоболорун/талаптарын аткаруу керек. Мына ушул нерсе сүйлөшүүлөрдүн темасы болушу керек», — деп жазган ал өзүнүн твиттеринде.

Атамбаев өз сөзүндө Казакстандын бийлигинен сын-пикирлери үчүн кечирим сурабай турганын билдирген.

Ошондой эле, ал Казакстандын бийлигин «өздөрүнүн кесирлиги» менен Кыргызстанды башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн «бөлүп» салуу үчүн күнөөлөгөн.

Президент билдиргендей, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен Евразия экономикалык комиссиясына «таптакыр бары бир».


ТЕМА БОЮНЧА: