Жээнбеков парламенттен өкмөттү колдоого чакырды

Сооронбай Жээнбекводун Сапар Исаков, Дастан Жумабеков жана Айнаш Токбаева менен болгон жолугушуусу.

Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, парламенттин спикери жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушууда парламент өкмөткө «ар тараптуу колдоо көрсөтүшү керектигин» белгиледи.

Жээнбеков 27-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков, парламенттин спикери Дастан Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Жээнбеков жолугушуунун жүрүшүндө билдиргендей, бийликтин ар бир бутагы өкмөттү колдошу керек. Президент парламент «элге жана мамлекетке керектүү долбоорлорду колдоо менен» өкмөткө «ар тараптуу жардам көрсөтүшү керектигин» айтты.

«Өкмөттө уланта турган, ийгиликтүү жыйынтыкты талап кылган, калктын жашоосун жакшырткан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бир канча долбоорлору бар», — деди Жээнбеков.

Президенттин парламенттин спикеринен өкмөткө жардам берүү боюнча кайрылуусу мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин депутаттардын дарегине айткан сындарынын шартында болду.

Атамбаев өзүнүн акыркы басма сөз жыйынында депутаттарды «кыраакы эмес жана сабатсыз» деп атап, парламентти сынга алган.  

«Албетте, мен парламентти сындайм. Ошол темир жолго насыя алып куруп койсо болмок. Ал жакта кандайдыр бир сабатсыз, алысты көрө албаган адамдар отурушат. Бардыгы эмес, бирок көпчүлүгү», — деген ал.

Ушул эле маалымат жыйынында Атамбаев талапкерлерди КСДПдан тандап, алар менен кошо келечектеги парламентке лидер катары барып калышы мүмкүндүгүн билдирип, бирок депутат болбой тургандыгын айткан.

«Албетте, шайлоодо, мен кийин парламенттин же өкмөттүн төрагасы, жада калса депутат болууну самаган жокмун, бирок номур биринчи, мүмкүн, мен болом, анткени мага элдер ишене тургандыктарына көзүм жетти. Мындан тышкары, мен өзүм социал-демократтардын курамын түптөөнү каалап жатам. Мурдагы учурда анчейин деле көңүл бурбаптырмын, буга дайыма өкүнөм», — деп билдирген Атамбаев.


ТЕМА БОЮНЧА: