Милиция: Убактылуу камоо жайынан качып кеткендердин экөөсү кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери Сокулук районунун ИИБнин убактылуу камоо жайынан качып кетишкен шектүүлөрдүн экөөсүн колго түшүрүшүп, дагы эки качкын изделүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, убактылуу камоо жайынан качып кетишкендердин экөөсү — Бакыт Дилдешев менен Рамил Базаркулов — 27-ноябрь күнү кечинде Бишкектен кармалышкан. Алар адам өлтүрүү менен каракчылыкка шектелишүүдө.

Ал эми дагы эки шектүү — Багият Ачылдурдиев менен Кайрат Жанботоев издөөдө.

Убактылуу камоо жайынан 27-ноябрда оор кылмыштарга шектелип жаткан төрт адам качып чыгышып, белгисиз тарапка издерин суутуп кетишкен. ИИМдин маалыматына ылайык, качып кеткендерди бардык ыкчам кызматтар издөөгө алган.

Азырынча шектүүлөр убактылуу камоо жайынан кантип качып чыга алышканы түшүнүксүз. Бирок «Кактус» басылмасы өзүнүн күч түзүмдөрүндөгү маалымат булагына таянып билдиргендей, убактылуу камоо жайынын кызматкерлеринин кимдир бирөөсү шектүүлөргө качканга жардам берген.


ТЕМА БОЮНЧА: