Amnesty майыптардын укуктары боюнча конвенцияны токтоосуз кабыл алууга чакырды

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму премьер-министр Сапар Исаковдун Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча конвенцияны кабыл алууну токтото туруу чечимин «терең жаңылыштык» деп атады. Уюм өлкө бийлигин документти токтоосуз кабыл алууга чакырды.

Amnesty International компанияларынын Борбор Азиядагы координатору Зульфия Чынар-Сатимбай билдиргендей, Кыргызстандын өкмөтү документти ратификациялоодон баш тартуу менен «ондогон жарандардын кызыкчылыктарын тоготпоодо».

«Бул Кыргызстандын адам укуктары багытындагы милдеттенмелери менен факттарга карама-каршы келген терең жаңылыштуу чечим. Өкмөт кезектеги жолу Конвенцияны ратификациялоону создуктурууда», — дейт ал.

Анын айтымында, Исаков Конвенцияны ишке ашырууга чоң каражат керектелет деп айтуу менен «адашууда». Зульфия Чынар-Сатимбай документтин талаптарын аткаруу тескерисинче бюджеттик каражаттарды максатуу пайдаланууга жол берет деп эсептейт.

«Конвенциянын талаптарын аткаруу Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды Кыргызстандын экономикалык жашоосуна интеграциялоо жолу аркылуу улуттук экономиканы бекемдеп баштоого шарт түзөт. Кыргызстандын өкмөтү Конвенцияны ратификациялоодон баш тартып жаткандыгы менен экономикалык өнүгүүнүн ката түзүлгөн артыкчылыктары жана терс түшүнүктөрү үчүн өлкөнүн ондогон жарандарынын кызыкчылыктарын тоготпой жатат», — деди ал.

Сапар Исаков 29-ноябрда парламенттин жыйынында билдиргендей, өкмөт Конвенциянын ратификацияланышын каражаттын жоктугунан улам жылдырууда.

«Мен конвецияны дыкат карап чыкканмын. Ага бир топ каражат талап кылынат. Бизде азыр андай акча жок. Ансыз деле 2023-жылдан баштап тышкы карыздардын төлөмүнүн көлөмү чоңоет. Бир жылда 300 миллион доллар төлөп калабыз», — деди Сапар Исаков.

Ошондой эле, премьер-министр документтин ратификацияланышынын болжолдуу мөөнөттөрүн дагы ачыктаган жок.

Майыптардын укугу боюнча конвенция 2006-жылдын 13-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынып, 2008-жылдын үчүнчү майында күчүнө кирген. Кыргызстан аталган документке 2011-жылы кол коюлуп, бирок бүгүнкү күнгө чейин ратификациялоо ишке аша элек.

Конвенциянын башкы максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тең укуктуулук менен коргоону камсыздоо. Эгерде Кыргызстан документти ратификация кыла турган болсо, өлкө бийлиги майыптарга башка жарандар менен бирдей экономикалык, социалдык жана коомдук-маданий жашоого мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү керек болот.

Сентябрда Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөө жүрүшү өткөн. Алар, 300гө жакын адам күнүгө кездешип жаткан көйгөйлөрүнө коомчулук менен бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн көчөгө чышкан. Ошондой эле, алар Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча конвенцияны ратификация кылууга чакырышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: