Amnesty International: «Мьянмадагы окуялар — этникалык тазалоо»

An ethnic Rohingya Muslim refugee breaks down during a gathering in Kuala Lumpur on December 4, 2016 against the persecution of Rohingya Muslims in Myanmar. Aung San Suu Kyi must step in to prevent the "genocide" of Rohingya Muslims in Myanmar, Malaysia's prime minister Najib Razak said as he mocked the Nobel laureate for her inaction. / AFP / MANAN VATSYAYANA (Photo credit should read MANAN VATSYAYANA/AFP/Getty Images)

Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму билдиргендей, Мьянма бийлиги «максаттуу түрдө» өлкөдөн мусулман-рохинжаларды чыгаруу кампаниясын жүргүзүүдө. Аскерий иш-чаралар башталгандан кийин 370 миңден ашуун мусулман-рохинжалар коңшу Бангладешке качышкан.

Уюм Мьянма бийлиги «системалык түрдө» мусулман-рохинжалар жашаган ондогон айылдарды өрттөп жатканы боюнча маалымат чогулткан. Укук коргоочу уюм бул кампанияны «этникалык тазалоо» деп атаган.

«Чогултулган далилдер төгүндөлгүс. Мьянманын коопсуздук күчтөрү рохинжа элин Мьянмадан чыгаруу боюнча максаттуу түрдөгү кампаниясынын алкагында батыштагы Ракхайн штатында өрттөөлөрдү жүргүзүүдө. Туура түшүнгүлө: бул этникалык тазалоо», — деп билдирди уюмдун директору Тирана Хассан.

Анын айтымында, бийликтегилер кайсы бир айылды курчоого алып, жергиликтүү тургундарды атып, андан кийин үйлөрдү өрттөшүүдө.

«Юридикалык жаткан алып караганда бул адамзатка каршы кылмыштуулук — системалык түрдө кол салуу, тынчыкта жашап жаткан жарандарды мажбурлап депортациялоо», — деди ал.

БУУнун маалыматына ылайык, 370 миңден ашуун рохинжалар Мьянманын батышындагы Ракхайн штатынан чыгып, коңшу Бангладешке качышкан.

Мьянмадан чыккан качкындардын агымы көп болгондуктан БУУ Бангладешке 7 млн доллар гуманитардык жардам бөлгөн.

Жаңжалдын чыгуу себеби

Сүрөт: AP Photo/Gemunu Amarasinghe

Август айында Мьянма аскерлери менен рохинжа муслумандарынын ортосундагы тирешүүдө 400гө жакын адам өлгөн. Миңдеген рохинжа эли үйлөрүн таштап, коңшу Бангладештен башпаанек табууга кетишкен.

Жаңжалдын чыгышына «Рохинжаны куткаруу армиясынын» мусулмандар тобу өлкөнүн батыштагы Ракхайн штатындагы полиция постторуна чабуул кылганы себеп болгон. Натыйжада 12 адам каза тапкан.

«Рохинжаны куткаруу армия» тобунун мүчөлөрүнүн айтымында, алардын башкы максаты — Мьянмада бийликтин кодулоосуна кабылган мусулмандарды сактоо. Ал эми бийлик «Куткаруу армиясын» террористтик уюм деп эсептөөдө.

Өздөрүнүн коопсуздугү үчүн Мьянманы таштап кеткен элдердин билдириминде, көтөрүлүшкө чыккандар полиция постторуна чабуул койгондон кийин бийлик аскерлери рожинжалар жашаган үйлөрдү өрттөй башташкан.

Уруштун тарыхы

Сүрөт: Reuters

Ракхайндагы өздөрүн этникалык көпчүлүк деп эсептеген Аракан буддистери менен Мусулман рохинжалардын ортосундагы уруш 70 жылдан бери уланууда.

Абал 2012-жылы массалык башаламдыктар чыгып кеткенден кийин курчуп кеткен, андан кийин 2016-жылы бийлик рохинжа мусулмандар жашаган Ракхайн штатына аскерлерди киргизген. Ошондон бери рохинжаларды куугунтуктоо токтобой келет.

БУУнун өкүлдөрү бул иш-аракеттерди «адамзатка каршы кылмыштуулук» деп атап, армия менен полиция рохинжаларды токмоктоп, кыйнап жана өлтүргөнүн билдирүүдө.

Мьянма өкмөтү бир нече жолу адам укуктары бузулуп жатканы боюнча билдирүүлөр менен маалыматтарды «жасалма маалыматтар» жана «пропагандалоо» деп атап, рохинжалар куугунтукталып жана кодуланып жатканын четке каккан.


ТЕМА БОЮНЧА: