Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер-министрлик кызматка көрсөтүшүүдө

Сүрөт: «Спутник», Табылды Кадырбеков.

Парламенттин комитети депутат Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер-министрлик кызматка жактырды. Мурдараак бул кызматты вице-премьер-министрлик кызматка чейин түшүрүлгөн Толкунбек Абдыгулов ээлеп турган.

«Бир Бол» партиясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин кароону 5-декабрда премьер-министр Сапар Исаков сунуштады.

Исаков Шадиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматын алып кете алат деп «кепилдик» берди.

«Аскарбек Шадиев парламент менен окмөттүн ортосунда жакшы иш жүргүзөт деп ойлойм. Ал бардык отун-энергетикалык маселелерди карайт. Ал аларды жакшы билет. Мен, ал бул кызматты алып кете алат деп кепилдик бере алам», — деди Исаков.

Исаков Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенин эскертти, ага ылайык депутаттар өз кызматынан кетпестен вице-премьер-министрлик же премьер-министрлик кызматта иштей алышат.

Шадиев депутаттык мандаттан ажырабастан эле биринчи вице-премьер-министрлик кызматта иштеп кала турчу алгачкы парламентарий болуп калышы мүмкүн.

Парламенттин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети Шадиевдин талапкерлигин бул кызматка жактырды.

Мурдараак биринчи вице-премьер-министрлик кызматты Толкунбек Абадыгулов ээлеп турган, бирок 21-ноябрда аны кызматтан алынган Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна вице-премьер-министрлик кызматына бекитишкен.

Аскарбек Шадиев жумушун 2000-жылы парламенттен баштаган. Ал 2003-2005-жылдар аралыгында Баткен облусунун губернаторлук кызматын аркалап, ошондой эле, 2007-жылы парламенттин депутаты болгон. Ал эми 2010-2011-жылдары Кыргызстандын энергетика министри болуп, 2015-жылдан тартка кайрадан парламенттин депутаты болуп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: