«Мегакомдун» наркы кайрадан аныкталат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду (ММБФ) «Мегаком» байланыш операторун кайра баалоо үчүн көз карандысыз компанияларды тартмакчы. Учурда компаниянын баасы 13,5 млрд сомду түзөт.

Аталган мекемеден билдиришкендей, компаниянын баасын өзгөртүү көз карандысыз баалоочулардын ишинин жыйынтыгы менен гана мүмкүн болот. ММБФнын башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, мекеме потенциалдуу сатып алуучуларды тартуу үчүн компаниянын баасын түшүрүүнү пландаган жок.

Зилалиевдин оюнча, байланыш операторун анын «кирешеси жылдан-жалга азайып жаткандыгы» үчүн сатуу керек.

«Үн байланыш контентинин талабы күндөн-күнгө азайып жатканын бардыгыбыз эле билебиз, жана эртең биз аны актай албай калышыбыз мүмкүн. Команиянын баасын түшүрүү боюнча маселе жок», — деди ал.

Ал байланыш операторун сатып алууга бир нече талапкер кызыкдар болуп жатканын, бирок конкреттүү сунуштар түшө элегин кошумчалады.

«Бүгүн мыйзам чегинде компаниянын баасын түшүргөнгө жолдор бар. Ал үчүн компаниянын баасын аныктоочу комиссияны чакырып, экономикалык жактан карасак болот. Бирок кызыгып, алабыз деген сунуш менен келген кардар чыга элек», — деди Зилалиев.

ММБФ 15-ноябрда байланыш операторун орусиялык ишкер Елена Нагорнаяга сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү «тараптар шарттар боюнча өз ара келише алышпай койгондуктан» улам токтоткон.

Сүйлөшүүлөр токтотулганга чейин Нагорная «Мегакомду» 13,5 млрд сомго сатып алууга жана компаниянын бардык соттук иштери боюнча жоопкерчиликтерин өз мойнуна алууга даяр турган жалгыз кардар болчу.

ММБФ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда эле коомдук ишмер Эдил Байсалов Нагорнаянын сатып алуучу катары талапкерлигин сынга алган. Байсалов анын ишкердик окуясын изилдеп чыгып, Нагорнаянын каражаты жок жана ал менен келишим түзүү — бул кезектеги «алдамчылык менен тоноо» деп билдирген.

«Мегакомдун» тарыхы жана аны сатуунун аракеттери

Байланыш оператору өз ишин 2006-жылы баштаган. Анын негизги инвестору компаниянын 51 пайыз акциясына ээлик кылган орусиялык Penwell компаниясы болгон.

Penwellдин өкүлдөрү 2008-жылы Максим Бакиев «рейдерлик жана алдамчылык аракеттер менен» компаниянын үлүшүн өзүнө каттаттырып, «Альфа Телекомдун» активдерин которуп алган деп билдиришүүдө.

Ошондон бери компания 51 пайыз акциянын үстүнөн көзөмөлдү калыбына келтирүү үчүн соттошуп жүрүп, 2010-жылдын апрелинде Бакиевдердин бийлиги кулатылгандан кийин жарым-жартылай бул нерсеге жетишкен. Бирок ошондон кийин бийлик «Альфа Телекомдун» калган 49 пайыз акциясын улутташтырууну токтом кылып, компания толугу менен мамлекеттик болуп калган.

Кыргызстандын өкмөтү 2016-жылдын февралында «мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү программасынын алкагында» «Мегакомду» 19 млрд сомго сатып жаткандыгын жарыялаган. Үч жолку ийгиликсиз өткөрүлгөн аукциондон кийин Маммүлк фондусу байланыш операторун сатып алуунун баасын 13,5 млрд сомго чейин түшүргөн.

Үстүбүздөгү жылдын августунда Орусиялык Penwell компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнөн «Мегакомду» мыйзамсыз басып алуу үчүн 200 млн доллар талап кылган. Бирок Маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылуусу үчүн эч кандай юридикалык далилдери жок.

«Мегаком» Кыргызстандагы үч ири байланыш операторунун катарына кирет. Ал үч миллиондон ашуун абонетти тейлейт жана дээрлик бүткүл өлкө аймагын камтыйт.


ТЕМА БОЮНЧА: