Парламент Шадиевди биринчи вице-премьер-министрлик кызматка жактырды

Сүрөт: «Спутник», Табылды Кадырбеков.

Жогорку Кеңеш «Бир Бол» партиясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин биринчи вице-премьер-министрлик кызматка жактырды. Шадиев депутаттык мандаттан ажырабастан эле вице-премьерликти аркалай баштаган биринчи аткаминер болуп калды.

Шадиевдин талапкерлигин парламенттин депутаттарына премьер-министр Сапар Исаков көрсөткөн.

Министрлер кабинетинин башчысы Шадиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматын алып кете алат деп «кепилдик» берди.

«Аскарбек Шадиев парламент менен окмөттүн ортосунда жакшы иш жүргүзөт деп ойлойм. Ал бардык отун-энергетикалык маселелерди карайт. Ал аларды жакшы билет. Мен, ал бул кызматты алып кете алат деп кепилдик бере алам», — деди Исаков.

1-декабрдан баштап күчүнө кирген Конституциянын өзгөртүүлөрүнө ылайык, Шадиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматта иштөө менен депутаттык мандатын дагы сактап кала алат. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлоруна добуш бере алат.

Мурдараак биринчи вице-премьер-министрлик кызматты Толкунбек Абадыгулов ээлеп турган, бирок 21-ноябрда аны кызматтан алынган Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна вице-премьер-министрлик кызматына бекитишкен.

Аскарбек Шадиев жумушун 2000-жылы парламенттен баштаган. Ал 2003-2005-жылдар аралыгында Баткен облусунун губернаторлук кызматын аркалап, ошондой эле, 2007-жылы парламенттин депутаты болгон. Ал эми 2010-2011-жылдары Кыргызстандын энергетика министри болуп, 2015-жылдан тартка кайрадан парламенттин депутаты болуп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: