Өкмөт «көйгөйлөрдү чечиш үчүн» коомдук желедеги кайрылууларга байкоо жүргүзөт

Премьер-министр Сапар Исаков социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзө турган бөлүм ачылааарын билдирди. Жаңы бөлүмдүн ачылышынын максаты «көйгөйлөрдү оперативдүү чечүү» болот.  

Исаков фейсбуктагы өзүнүн расмий барагынын активдүү колодонуучулары менен болгон жолугушууда, өкмөт социалдык түйүндөр аркылуу жарандардын кайрылууларына байкоо жүргүзө баштаарын билдирди.

«Мен силердин биздин алсыз жактарыбызды алып чыгууну улантууңарды каалайм. Өкмөттүк аппараттын түзүлүшүндө коомдук түйүндөрдүн толук мониторингин жүргүзгөн бөлүм ачылды. Ал бар болгон көйгөйлөргө оперативдүү жана эффективдүү чечим кабыл алуу үчүн түзүлдү», — деди Исаков.

Мониторингдин жыйынтыгында бийлик курч, талкуу жараткан көйгөйлөрдү көңүл буруп чечет.

Исаковдун айтуусу боюнча, жарандык коом менен байланышты жакшыртуу үчүн министрлер кабинети «ачык саясатты» карманат.  

«"Убакытты теңөө" үчүн биз дайыма жолугуп турушубуз керек. Өкмөт жана мамлекеттик органдар чечим кабыл алууда ката кетирбеши үчүн бардык пикирлерди эске алуусу керек», — деди Исаков.

Сапар Исаков коомдук желени активдүү колдонгон биринчи премьер-министр болду. Ал өкмөт башчылык кызматка 2017-жылдын август айынын аягында келген.


ТЕМА БОЮНЧА: