Премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Табылды Кадырбеков / Спутник

Өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнүн алгачкы 100 күнүндөгү ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул убакыт аралыгында ал чуулуу чехиялык Liglass команиясы менен келишимди үзүп, Кумтөрдүн «токтоосуз» ишин камсыздаган жана патрулдук милицияны жоюуга үлгүргөн.

Сапар Исаков 25-августта министрлер кабинетинин башчысы болуп дайындалган бери үч ай өттү. Премьер-министр өзүнүн кызматындагы алгачкы 100 күндө эмнелерди жасаганга үлгүрдү?

«Кумтөр» менен келишим

Кумтөр кен казуучу жайы. Сүрөт: Азаттык

Кыргызстандын өкмөтү 11-сентябрда канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы менен келишим түзгөн. Анда бийликтин оюнча, аймактын экология маселеси башкы артыкчылык болгон.

Келишим боюнча, ишкана Жаратылышты өнүктүрүү боюнча фонд түзүп, ага 50 млн доллар бөлүшү керек. Мындан тышкары, компания экологияга келтирген зыяны үчүн жыл сайын 3 млн доллар төлөп турушу зарыл.

Өз кезегинде өкмөт мурдараак компанияга каршы эл аралык сотторго берилген бардык экологиялык арыздарын чакыртып алган.

Ошондой эле, парламент компанияга кен чыккан жерде «үзгүлтүксүз» иштерди жүргүзүү үчүн ага жакын жердеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен казууга уруксат берген. Өкмөттүн маалыматына ылайык, кен казуудан улам Давыдов мөңгүсүнүн аянты 70 пайызга, ал эми Лысый мөңгүсүнүн аянты 20 пайызга азаят.

Бийликтин бул демилгеси коомчулуктун наарызычылыгы менен мөңгүлөрдө кен иштетүүгө уруксат берүү экологиялык кыйроого алып келет деп билдирген активисттердин сын-пикирин жараткан.

«Жерүйдү» иштетүү

Жерүй кен казуучу жайы. Сүрөт: Албина Сулайманова / Азаттык

Ноябрь айында Талас облусунда германиялык адистер «Восток-геолдобыча» орусиялык компаниянын жетекчилиги алдында «Жерүй» кенинде алтын өндүрүүчү фабриканын курулушун башташкан.

Буга чейин кенди иштетүү менен бийликтегилер лицензиясын чакыртып алган казакстандык «Visor» компаниясы алектенип жаткан болчу. Компания АКШнын Вашингтондогу инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборуна арыз берип, 548 млн доллар кун төлөп берүүнү талап кылган.

Анда Кыргызстандын бийлиги инвестор казак компаниясына үстөк айып төлөп бериши үчүн алтын кенди иштетүүнүн лицензиясын аукционго чыгарган.

Кен иштетүү укугу үчүн орусиялык ири «Полюс Голд» алтын өндүрүүчү компаниясы менен «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы ат салышышкан. 2015-жылы «Полюс Голд» сынактын шарттарын «көңүл коюп изилдеп чыгып», конкурска катышуудан баш тарткан.

Казакстандык «Visor» компаниясы менен узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин 100 млн долларлык кенди иштетүү лицензиясын орусиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы сатып алган. Орусиялык компания«Visor» фирмасы менен тынчтык келишимин түзгөн.

Чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишимди бузуу

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Liglass Tradingдин башчысы Михал Смелик менен. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

Сентябрда Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушу менен алектениши керек болгон чехиялык Liglass Trading компаниясынын айынан чуу чыгып кеткен.

Компания 10-июлда кол коюлган келишимге ылайык, буга чейин ГЭС куруулар менен алектенген орусиялык «РусГидро» компаниясынын алдындагы Кыргызстандын 37 млн доллар өлчөмүндө карызын төлөп бериши керек болчу.

Натыйжада өкмөт Liglass Trading менен болгон келишимди бир тараптуу бузган. Ошондон кийин компаниянын башчысы Михал Смелик Кыргызстан аларга 1 млн доллар өлчөмүндөгү кепилдик төлөмүн кайтарып бербей койгондугу үчүн эл аралык арбитраж сотуна кайрылуу менен коркуткан.

Келишимди бузганга чейин журналисттер менен коомдук ишмерлер чехиялык компаниянын каражаты жана гидроэлектростанцияларды курууда тажрыйбасы жок деп билдиришкен.

Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөр

Кыргыз-казак чек арасындагы жүктүү унаалар. Сүрөт: Эдил Байызбеков/Kloop.kg.

Казак чек арачылары 10-октябрдан баштап Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине карата айтылган катуу сын-пикиринен улам чек арада күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн.

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттери күчөтүлгөн тартиптеги иш алып барууга өтүп, адамдардын кезек күтүүлөрү менен жүктүү унаалардын тыгындары жаралган — бул нерседен улам ишкерлер чыгымдарга дуушар болушкан.

Казак чек арачылары чек арадагы көзөмөлдүн күчөтүлүшүн Кыргызстандын аткези жана «мыйзамсыз импорту» менен күрөшүү деп түшүндүргөн.

Чек арада көзөмөл күчөтүлгөндөн кийин эки күн өтүп Сапар Исаковдун басма сөз кызматы ал Сочиде казак президенти Нурсултан Назарбаев менен чек арадагы кырдаалды жөнгө салууну макулдашканын билдирген.

Бирок кийнчерээк Казакстандын президентинин басма сөз кызматы бул сөздөрдү четке кагып, Назарбаев Исаков менен жолугушуу өткөрбөгөнүн жана кыргыз-казак чек арасындагы бардык маселелрди алуу боюнча эч кандай тапшырмаларды бербегенин билдирген.

Казакстандын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жогорку Евразия экономикалык биримдигинин Сочидеги кеңешинде Исаков Назарбаевге «кыска ык-амал» кылганын биргелешкен сүрөт тастыктап турат.

Исаков 18-октябрда Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен Астанада сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жеңил машиналар чек арадан мурдагыдай тартипте өтө башташкан, бирок жүктүү унаалар көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кыйынчылыктарга туш боло берген.

Кийинчерээк Исаков КМШ өлкөлөрүнүн Ташкендеги жыйынында Казакстандын бийлигин кыргыз-казак чек арасында кыргызстандыктар үчүн «жасалма тоскоолдук» кылып жатат деп, эркин соода жүгүртүүнүн принциптерин бузуу боюнча айтыптаган.

Анын казак кесиптеши Бакытжан Сагинтаев бул билдирүүлөрдү «одонолук» деп атаган. Анын айтымында, Казакстандын чек арачыларынын аракеттери ЕАЭБдин жоболоруна толугу менен туура келет.

Ошол эле учурда Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков билдергендей, Кыргызстан Казакстан менен «жол картага» кол койбойт, анткени ошондон кийин деле казак бийлиги чек ара аркылуу «эркин кыймыл кылууга» мүмкүндүк ачпайт.

Чек арадагы оорлошкон кырдаал эки айдай убакытка созулган — Кыргызстан Казакстанды «тымызын соода көзөмөлү» үчүн айыптап, Дүйнөлүк соода уюмуна арыз менен кайрылган.

Чек арадагы кырдаал Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен 30-октябрда Минсктеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин жакшырган. Тараптар «жол картасына» кол коюу боюнча макулдашышкан.

Казак чек арачылары 3-декабрдан тарта жүктүү унааларды мурдагыдай тартипте өткөрө башташкан. Бирок ошого карабастан кыргыз бийлиги билдиргендей, кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдүн айынан өлкөнүн бюджетине 1 миллиардга жакын салык төлөмдөрү түшпөй калышы мүмкүн.

Жолдордогу коопсуздук

Байкоо камерасы. Иллюстративдик сүрөт.

2017-жылдын башынан бери Кыргызстандын жолдорунда 700дөн ашуун адам набыт болгон. Бир нече жол кырсыктарында мектеп окуучулары жабыр тартып же мерт болгон окуялар коомчулуктун бүйүрүн кызыткан.

Ошол себептүү Сапар Исаков жол коопсуздугун камсыздоону вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго тапшырган, бирок кийинчерээк Жумакадыров өзү дагы Талас облусуна бара жаткан жолдо жол кырсыгына учурап, каза тапкан.

Министрлер кабинетинин башчысы Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, жаңы мекеме түзгөн. Ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык (ЖКККББ) деп аталып калган.

Жаңы кызматкерлердин саны көбөйтүлүп, алар конкурстук негизде тандалып алынат. Бул бийликтин көз карандысыздыкка ээ болгондон бери жол милициясын реформалаган төртүнчү учур.

Ошондой эле, Исаков Бишкек менен Ошто эреже бузууларды аныктаган камералар 2018-жылы пайда болоорун убада кылган. «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун мөөнөттөрү 2011-жылдан бери жалданма компаниялар менен болгон чуулуу тендерлердин айынан бир нече жолу жылдырылган.

Мындан тышкары, бийлик өлкө боюнча 42 мектептин жанына жол чырактарды, жол белгилерин, жасалма дөңчөлөрдү жана жөө кыяларды орноткон. Бул иштерге 17 млн сомдон ашуун каражат сарпталган. Өкмөт дагы 85 мектептин жанына «жаткан полициялар» менен жол чырактарды орнотууну пландап жатат.

Бийликтегилер 2016-жылы Бишкек боюнча 100дөн ашуун «жаткан полицияларды» орнотушкан, бирок кийинчерээк кышкысын аларды муз каптап, машиналардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткандыгы үчүн алып салууга мажбур болушкан. Ал учурда Бишкек мэриясы «жаткан полицияларды» орнотуунун өзүнө эле 350 миң сомдон ашуун каражат короткон.

«Таза коом» долбоору

Сапар Исаков «Таза коомдун» бет ачаарында. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

Сапар Исаковдун башкы максаты — өлкөнү «санарип трансформация» кыла турган «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу болуп эсептелет. Бул долбоорго 2018-жылы өлкөнүн бюджетинен 1 млрд сом бөлүшөт — бул 2017-жылга салыштырмалуу 800 млн сомго көбүрөөк каражат.

Учурда «Таза коомго» жарандардын аткаминерлер менен болгон байланышы жана коррупциянын деңгээлин азайтышы керек болгон тогузга жакын долбоорлор кирет.

Бул долбоордун алкагында өлкө боюнча электрондук маалымат базасы, электрондук кезек күтүү жана кардарлар менен иштөө үчүн консультанттары бар 17 Калкты тейлөө борборлору (КТБ) ачылган. Өкмөттүн айтымында, жаңы КТБларда кезек күтүүлөрдүн мөөнөтү үч сааттан жарым саатка чейин кыскарган. Ошондой эле, борборлор майыптар үчүн пандустар, эне жана бала үчүн өзүнчө бөлмөлөр жана акысыз Wi-Fi менен жабдылган.

Мындан тышкары, «Кыргыз почтасынын» 300дөн ашуун бөлүмдөрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтар камтылган «Таза коомдун» түстүү эн белгилерин орнотушкан. Бул көрнөктөр үчүн 3 млн сом жумшашкан.

«Таза коомдун» дагы бир долбоору — бирдиктүү электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталын негиздөө болуп калган.

Учурда порталда 16 кызмат жеткиликтүү, анын ичинде паспорт алуу, никени каттоо арызы, жашаган жерге документтерди тууралоо бар. Бирок алардын бардыгы тесттик түрдө иштеп жатат. Ошондой эле, өкмөт кызмат акыларын төлөө үчүн электрондук төлөмдөрдү аткаруу тутумун түзгөн, бирок учурда бул нерсе дагы сынама түрдө иштеп жатат.

Буз кызматтар менен пайдалануу үчүн паспорттун маалыматтарын окуй ала турган атайын түзүлгөн колдонмо аркылуу жеке персоналдык бөлмөгө кирүү керек.