Ош шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоого 900 миң сом жумшалат

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош мэриясы шаарды Жаңы жыл майрамына карата жасалгалоого 900 миң сом жумшалаарын билдирди.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Талант Канатбек уулу «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, шаарды Жаңы жылга карата жасалгалоо үчүн 1 млн сомго тендер жарыялынып, көрктөндүрүүнү 900 миңге жасап берүү сунушу менен «Старт» компаниясы утуп чыккан.

«Бул каражат балаты орнотууга жана борбордук аянтты көрктөндүрүүгө жумшалат. Аянтка орнотула турган балатынын бийиктиги 29 метрди түзөт», — деди Канатбек уулу.

Мындан тышкары, ал борбордук аянт 3D эффекттер менен дагы кооздоло тургандыгын кошумчалады.

Мурдагы жылы Ош шаарын Жаңы жыл майрамына карата жасап шөкөттөөгө 900 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталган.

Анда экинчи борбордогу балатынын бийиктиги 29 метрди түзүп, Кыргызстанда эң узун балаты аталып калган.


ТЕМА БОЮНЧА: