Жээнбеков Өзбекстанга барат

Сооронбай Жээнбеков Орусияга болгон сапары учурунда. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрь күндөрү Өзбекстанга барат. Жээнбеков өлкө башчысы катары өзүнүн алгачкы сапарын ноябрдын аягында Орусияга жасаган.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда 13-14-декабрда боло турган Жээнбековдун Өзбекстанга сапарына даярдыктар жүрүүдө. Азырынча эки мамлекет башчысы кайсыл маселелерди талкуулай тургандыктары белгисиз.

Жээнбеков президент катары өзүнүн алгачкы чет элдик сапарын 29-ноябрда Орусияга жасаган.

Анда Жээнбеков өзүнүн сапарын «салттуу» деп атап, Кыргызстан Орусия менен болгон «стратегиялык өнөктөштүктү» бекемдөөнү көздөйт деп билдирген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 5-6-сентябрда өлкөнү Алмазбек Атамбаев башкарып турган учурда келген.

Ал учурда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын 80 пайыздан ашуунун тактоо боюнча документке кол коюшуп, Кабмар-Ата 1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча макулдашышкан.

Кыргыз-өзбек мамилелери Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жакшыра баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: