Жээнбековдун алгачкы иш сапары Орусиядан башталат

Сооронбай Жээнбековдун президент катары алгачкы эл аралык сапары «кызматташтыкты тереңдетүү жана бекемдөө» үчүн Орусияга болот.

Президенттик аппарттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Айзада Субакожоева брифинг учурунда билдиргендей, Жээнбеков Орусияга 29-ноябрда барат. Президент ал жактан өзүнүн орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушат.

Субакожоеванын айтымында, сапар орус тараптын чакыруусу менен өтөт.

«Бул Орусия менен болгон стратегиялык өнөктөштүк менен биримдикти өнүктүрүүгө багытталган биздин тышкы саясий багытыбызды мындан ары дагы тереңдетүү жана бекемдөө болуп эсептелет», — деди Субакожоева

Ал эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулай тургандактарын айтты.

Мындан тышкары, Жээнбеков соода-экономикалык маселелер боюнча Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат.

Ошондон кийин, Жээнбеков 30-ноябрда Жааматтык коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖККУ) юбилейлик сессиясына катышуу үчүн Беларуска барат.

«Юбилейлик сессиянын жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтүп, өлкө лидерлери уюмдун 15 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Ошондой эле жамааттык коопсуздукту күчөтүүгө багытталган 24 маселе каралат. Анын ичинде стабилдүүлүктү сактоо жана терроризм менен күрөшүү маселелери камтылган», — деди Субакожоева.

Путин биринчи болуп Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган, ал эми Кыргызстандын жаңы шайланган президенти өзүнүн биринчи маегин орусиялык ЖМКлар — «РИА Новости» менен ТАСС басылмаларына курган.

Жээнбеков мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдей эле өз маектери менен сөздөрүндө Орусияны «негизги стратегиялык өнөктөш» деп атап келет.

Ошондой эле, жаңы президент орус тилинин Кыргызстанда расмий макамын сакталаарын айткан, анткени бул «достуктун жана БУУнун тилдеринин бири» болуп саналат.


ТЕМА БОЮНЧА: