Прокуратура Шыкмаматов үчүн сегиз жыл абак мөөнөтүн сурады

Прокуратура оппозициячыл депутат Алмамбет Шыкмаматовду сегиз жылга эркинен ажыратууну суранды. Аны 2011-жылы тендердик комиссиянын курамында болуп туруп, Эсеп палатасына өзүнүн аялынын машинасын сатып жиберген деп айыпташууда.

Прокурор Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясынан Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен аны күчөтүлгөн тартиптеги абакка сегиз жылга эркинен ажыратууну суранды.

Ошондой эле, айыптоочу тарап Шыкмаматовду сот залынан камакка алууну талап кылды.

Мамлекетти айыптоочу дагы бир айыпталуучу Жусуп Иманалиев үчүн өтөлбөгөн мөөнөттү эске алуу менен 12 жылга күчтөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү суранды.

Иманалиев буга чейин 35 миң сом өлчөмүндө пара алуу үчүн 10 жыл абак мөөнөтүнө кесилген Эсеп палатасынын мурдагы аудитору.

Иманалиев Шыкмаматов тартылып жаткан иш боюнча дал ошол тендердик комиссиясынын төрагасы болгон.

Айыптоочу тарап соттолуучулардан 337 миң сом төлөтүп алууну суранууда.

Шыкмаматов 2011-жылы Эсеп палатасына автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болуп, «Барат Люкс» компаниясынын жеңишин жасалма камсыз кылып берген деп айыпталууда.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын да киргизип, аны 14500 долларга саткан, автоунаа болсо орто эсеп менен 10 миң доллар турат.

Бирок Шыкмаматов айыптоолорду четке кагууда. Саясатчы сотто билдиргендей, Эсеп палатасына жубайынын машинасын анын айдоочусу саткан.

Шыкмаматов менен «Ата Мекенчилерге» каршы кылмыш иштери

Башкы прокуратура Шыкмаматовго каршы 2017-жылдын 17-февралында «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк айыптоочу тарап сотто «коррупция» жана «коррупцияга кошо катышуу» беренелерин кармана баштаган.

Алмамбет Шыкмаматов — учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган «Ата Мекен» фракциясындагы оппозициячыл үч саясатчынын бири.

Текебаев менен Чотонов.

Шыкмаматовдун бирге иштешкен санаалашы жана партиянын лидери Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу айыбы боюнча мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк ачып берүүнү убада кылган.

Депутат Аида Салянова Эркиндик жөө жүрүшүндө.

Партиянын дагы бир мүчөсү жана мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге лицензияны узартып берди делип, 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Бирок Саляновага карата өкүмдүн аткарылышы 2029-жылга чейин жылдырылган, анткени анын кичинекей баласы бар.


ТЕМА БОЮНЧА: