Шыкмаматов жубайынын машинасын Эсеп палатасына айдоочусу сатканын билдирди

«Ата мекен» оппозициялык фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов сотто билдиргендей, жубайынын машинасы Эсеп палатасына айдоочусу тарабынан сатылган. Башкы прокуратура Шыкмаматовду жубайынын машинасын тендердик билдирмеге киргизип, жогорулатылган баада сатып жиберди деп айып тагууда.

Шыкмаматов өз иши боюнча Биринчи май райондук сотунда көрсөтмө берди.

Депутаттын билдиришинче, Эсеп палатасына жубайынын машинасын сатуу мыйзамдуу болгон.

Анын айтымында, өзү Москвада болгондугуна байланыштуу машинаны анын айдоочусу саткан.

«Москвадан мен жубайыма телефон чалып, мага акча керек экенин, машинаны сатыш керек экенин айттым. Ал төрт баланын энеси, машина айдай албайт. Машина гаражда турган. Ошол убакта кызым 6 айлык болчу, ошондо өз айдоочума машинаны сатыш керек экенин айттым», — деди депутат.

Шыкмаматов билдиргендей, машинанын баасы $15 миң болгон, бирок Эсеп палатасына аны $14,5 миңге сатышкан.

«Баары мыйзамдуу болгон, мен документтерди карап чыктым. Натыйжада 700 миң сом сарамжалданган. Бөтөн адамдардын акчасын өздөштүрүп алуу ниети болгон эмес», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: