Ысык-Көл облусунун жетекчисинин орун басарынын эжеси жол кырсыгынан набыт болду

Иллюстративдик сүрөт

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова жол кырсыгынан улам эжесинен айрылды. Ошондой эле, жол кырсыгынан төрт адам жабыркаган.

Жол кырсыгы 13-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы жолдо катталган.

Күбөлөрдүн айтымында, «Хендай Портер» үлгүсүндогү авто унаа жолдун каршылаш тилкесине чыгып, «Хонда Степвагон» машинасы менен сүзүшкөн.

«"Хендай Портер" унаасы түз келип биздин унааны сүздү. Жерге түшүп, "Портер" сүзгөн тараптагы эшиктен аял жүргүнчү канга боёлуп жатканын көрдүм (ошол жерде каза болгон). Жолдо токтогон унаалардын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү менен унаадагы башка жүргүнчүлөрдү чыгардык. Бирок тез жардам кызматы шаарда болгону эки гана унаа бар жана алар жетишпейт деген жооп менен кеч келди», — деп айтты «Хонда Степвагондун» жүргүнчүсү Жеңиш Саадабаев.

Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгынын натыйжасында Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнованын 60 жаштагы эжеси набыт болгон.

Каза тапкан аял Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы болгон. Мындан тышкары, жети айлык баланы кошуп, төрт адам жабыркаган.


ТЕМА БОЮНЧА: