Казакстан: Сот кенчилерге каршылык акциясын токтотууну милдеттендирди

Иллюстративдик сүрөт

Шахтинск шаардык соту төрт шахтанын кенчилерине каршылык акциясын токтотууну милдеттендирди. Бул чечим кенчилердин өмүрү менен ден соолугуна коркунучту «алдын алуу максатында» кабыл алынды.

Шахтинск шаардык соту 14-декабрда «Казахстанская», «Шахтинская», «Ленина», «Тентекская» шахталырынын тоо кенчилери каршылык акциясын токтотушу керек деген «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын талабын канааттандырды.

Соттун токтомуна ылайык, мындай чечим шахтачылардын ден соолугу менен өмүрүнө коркунучту «алдын алуу максатында» кабыл алынган.

Tengrinews басылмасы билдиргендей, каршылык билдирген тоо кенчилерди жазага тартышып же аларга карата санкция колдонушпайт. Кенчилер Караганда облусунун акими Ерлан Кошанов жана «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын директору Владимир Басинов менен жолугушкандан кийин шахтанын тышына чыга башташкан.

Компания тоо кенчилердин маяналарын 30 пайызга көбөйтөт жана ошондой эле, аларга бир жолку сый акы төлөп берет. Мындан тышкары, Шахтинск шаарынын прокурору каршылык билдирүүлөр үчүн шахтачыларга карата кылмыш жасоо куугунтутуктоолору колдонулбайт деп кепилдик берди.

11-декабрда төмөн маяналар үчүн 600дөн ашуун адам шахталардан чыгуудан баш тартышкан.

Шахтачылар компания маяналарды бардык жумушчулар үчүн 100 пайызга жогорулатмайын каршылык акциясын токтотуудан баш тартышкан.

Мындан тышкары, каршылык акциясынын катышуучулары 50 жаштан пенсияга чыгууну, бейтап баракчасын төлөп берүүнү жана эс алуу үйлөрү менен санаторийлерге жолдомолордун санын көбөйтүүнү талап кылышкан.

«АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын өкүлдөрү шахтерлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, алардын талаптарын эске алуу менен жаңы келишимдерди даярдап жатышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: