Жээнбеков менен Назарбаев «бир туугандык мамилелерди» сактап калууну убадалашты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Казакстанга болгон сапары учурунда казак лидери Нурсултан Назарбаевди «аксакал жана улуу ага» деп атады. Эки президент өлкөлөрдүн ортосунда араздашууларынын шартында өтүп кеткен достук мамлелерди сактап калууну убада кылышты.

Жээнбеков менен Назарбаев Кыргызстан менен Казакстан мурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин айткандары үчүн араздаша кетишкен чууну жөнгө салышкандан кийин бир ай өтүп, 25-октябрда Астанада жолугушушту.

Эки президент тең — Жээнбеков дагы, Назарбаев дагы — өлкөлөр ортосундагы байлынышты бекемдөө үчүн аракет кыла тургандыктарына ишендиришти. Кыргыз президенти Назарбаевди «улуу ага» жана «аксакал» деп атап, ал эми казак лидери «достук жана бир туугандык» мамилелерди сактап калууну убада кылды.   

«Сиз биздин аксакал, улуу агабызсыз. Казак менен кыргыздар — бир тууган элдер. Биздин жерлерибиз бир, биз сууну бир булактан ичебиз, ошол эле бирдей жолдор менен басабыз», — деп келтирди Жээнбековдун сөздөрүн «Тенгринюз» басылмасы.  

Назарбаев Казакстан кыргыз делегациясы көтөрө турган бардык маселелерди чечүүгө даяр экенин айтты.

«Биз сизди күттүк жана кубануу менен тосуп алуудабыз. Казакстан сиз баштаган делегация көтөрө турган маселелерди чечүүгө даяр. Мен жеке өзүм бул убакыт аралыгында Кыргызстандын дарегине бир дагы жолу жаман айтып, жаман кадамдарды кылган жокмун», — деп билдирди Назарбаев.

Тараптар ошентип мурда болгон макулдашууларды юридикалык жактан бекитүү менен мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту.

Жээнбеков Назарбаевдин чакыруусу менен Астанага 25-декабрда барды — бул кыргыз саясатчысынын өлкө президенти катары Казакстанга барган алгачкы сапары.


ТЕМА БОЮНЧА: