Авто унааларды кайра каттатуунун баасы эки эсе төмөндөтүлмөкчү (бирок убактылуу гана)

Бишкектеги унаа тыгыны. Иллюстративдик сүрөт

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча департамент машиналарды кайра каттатуунун баасын 2-3 айга төмөндөтүүнү сунуш кылды. Бийлик бул жарандар сатып алган машиналарын өздөрүнө каттатып алууга түрткү берет деп эсептейт.  2018-жылдын жазынан баштап айдоочуларга жол эрежелерин бузгандары видео жана фото көзөмөл камераларына тартылып алынгандан кийин штрафтар келе баштайт.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча департаменттин башкы адиси Адылбек Рыскелдиев «24.kg» басылмасына курган маегинде билдиргендей, машиналарды кайра каттатту боюнча бааны төмөндөтүү туурасында документ Юстиция министрлигине кароого берилди.

«Бүгүн транспорт каражаттарын катоо орто эсеп менен 2,5-3 миң сом, биз аны болжолдуу 1,5 миң сомго чейин төөндөтүүнү сунуштап жатабыз. Ал эми ишеним катын нотариалдык кеңселерде каттоо 1000 сомго чейин турат», — деди Рыскелдиев.

Рыскелдиев өлкөнүн жолдорунда эреже бузууларды аныктаган байкоо камералары пайда болоору менен штраф дүмүрчөгү машина катталган айдоочуларга  келе баштай турганын түшүндүрдү.

«Бааны төмөндөтүү жарандарды машиналарын өздөрүнө каттатууга аргасыз кылат», — деди ал.

Өкмөттүн планына ылайык, алгач авто унааны кайра каттоонун баасы төмөндөтүлөт, андан соң авто унааны катоосу жок башкаруу үчүн штрафтар пайда болот.

Кыргызстанда авто унааларды ишеним кат аркылуу сатуу практикасы бар — ээлик кылган адам нотариус аркылуу транспортко ээлик кылуу укугун сатып алуучуга берет, бирок ошол эле учурда машинанын юридикалык ээси болуп кала берет.

Ишеним кат аркылуу сатуу практикасы арзандыгы жана жол-жоболордун тездиги менен түшүндүрүлөт, ошол эле кезде толук каттоого алуу кымбат жана бир неече сааттан бир нече күнгө чейин созулуп, абдан эле жай өтөт.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек менен Оштун жолдорунда камералар 2018-жылдын жазында пайда боло турганын бир нече жолу билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: