МЖАК Текебаевди ооруканага которуу мүмкүнчүлүгүн карайт

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы (МЖАК) депутаттардын «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевди Бишкектин №47 абагынан кадимки ооруканага которуу боюнча өтүнүчтөрүн карайт. Оппозициячыл саясатчы кан басымы көтөрүлүп жатканына арызданган.

МЖАКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдиргендей, мекеме депутатттардын Өмүрбек Текебаевди даарылануу үчүн ооруканага которуу боюнча суранычтарын карайт.

Депутаттардын Текебаевди стационарга которуу боюнча кайрылуусу 11-январда түшкөн.

Депутаттар билдиришкендей, алар мурдагы кесиптеши менен жолугушушканда  Текебаев аларга кан басымы көтөрүлүп жатканына арызданган.

«Мен Өмүрбек Текебаев менен жолуккан учурда анын кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкадым. Муну көп эле депутаттар ырастайт. Ошол себептен биз Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан аны абактан жарандык ооруканага которуп, жок дегенде он күнчө дарыланып алышына уруксат беришин өтүнүп кат жөнөттүк. Бул боюнча кайрылууга 7-8 депутат кол коюп, аталган органга жөнөттүк. Керек болсо конвойду кошо алып барып, кайтарып отурушсун. Дарыланып чыкса, кайра жазасын уланта берет», — деди депутат Исхак Масалиев.

Башында МЖАК Текебаевдин «абалы жакшы» жана ал врачтардын көзөмөлүндө экенин билдирген.

«Текебаевдин абалы жакшы. №47 түзөтүү абагы оорукана болуп эсептелинет, ал жакта жада калса операциялар жүргүзүлөт. Эгерде ага ал жакта жок адистердин кеңеши керек болсо анда чакырабыз же же конвой менен башка жайларга чыгарабыз», — деди Элеонора Сабатарова.


ТЕМА БОЮНЧА: