КСДПнын курултайы февралдын аягына жылды (так мөөнөтү белгисиз)

Бийликчил социал-демокараттар партиясынын жалпы республикалык курултайы экинчи жолу жылдырылды. Ал февралдын аягында өтөөрү күтүлүп жатат. Курултайда Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги партиянын лидери катары бекитилмекчи.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана парламенттин депутаты Марат Аманкулов «24.kg» басылмасына кабарлагандай, КСДПнын жалпы республикалык съезди февралдын аягына жылдырылды. Анын айтымында, курултайдын так мөөнөтү азырынча белгисиз.

«Саясий кеңеш азырынча жолугуша элек. Учурда иш-чарага даярдык көрүү иштери жүрүүдө жана менин жеке пикирим боюнча, съезд февралдын аягында өтүп калышы мүмкүн», — деди ал.

Аманкулов курултайда бир эле маселе талкуулана турганын айтты — ал өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагалыгына көрсөтуү жана шайлоо болмокчу.

Саясий биримдиктин жалпы республикалык съезди белгисиз себептерден улам экинчи ирет жылдырылууда.

Башында курултайды декабрдын аягында өткөрүү пландалып, бирок президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов курултай январь айына жылдырылганын маалымдаган.

Ошондой эле, ал партиялаштардын ичинде КСДПнын башчылык кызматына Атамбаевден башка талапкер жок экенин маалымдаган.

«КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир — ал Алмазбек Атамбаев. Башка ой жок», — деп айткан ошондо Ниязов.

Ал эми Алмазбек Атамбаев өзүнүн 2017-жылдын 20-ноябрында өткөн акыркы басма сөз жыйынында КСДПнын лидери катары парламентке баруу даярдыгы боюнча билдирген.

«Парламенттик шайлоого мен КСДПны даярдайм. Мүмкүн өзүм дагы биринчи номур менен барып калам», — деп билдирген ал.

Атамбаев КСДПны 1994-жылдан тартып катоого алынгандан бери жетектеп келет. Бирок 2011-жылы президент болуп калгандан кийин саясий биримдиктин төрагалык кызматынан кеткен.

Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда партиянын лидерлик кызматын эч ким ээлеген эмес. Бийликчил партиянын депутаттары 120 эл өкүлүн түзгөн Жогорку Кеңеште 38 орунду ээлешет.


ТЕМА БОЮНЧА: