Ош аэропортунда жаңы терминал ишке кирет

«Ош» эл аралык аэропорту. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

«Ош» эл аралык аэропортунда ички жана эл аралык каттамдар үчүн күтүү залы февралда ачылат. Учурда жүргүнчүлөрдү сыртта тосуп алышат.

«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, жаңы терминалдын ачылышы февралдын аягында болот.

«"Ош" аэропортунда күтүү залын куруу иштери жүргүнчү агымынын жогорулашы жана аэровокзалдын аянтынын жетишсиздигинен улам 2017-жылы башталган», — деп маалымдашты аэропорттун маалымат кызматынан.

Ошондой эле, «Ош» аэропортунун кызматкерлери үчүн машыгуу залы да курулууда. Эки жаңы объекттин жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

«Ош» эл аралык аэропортундагы терминалдын курулушу  

«Ош» аэропортунун директорунун орун басары Мирлан Нышанов «Кабар» басылмасына берген интервьюсунда, жаңы терминалдын ачылышы менен тосуп алуучулар учуп келген жүргүнчүлөрдү азыркыдай сыртта күтүп алышпайт.

«Мындан тышкары аэробекетти кеңейтүүгө башка тендер өткөрүлгөн. Учуу залын дагы бир жолу кеңейтүү пландалып жатат, анын курулушун 2018-жылдын апрелинде жүргүзүү пландалып жатат. Ал эми конуу имаратынын күтүү залын 2018-жылдын февралында пайланууга берүү күтүлүүдө», — деп кошумчалады ал.

Оштогу аэропорт 1974-жылдан тарта иштей баштаган. Ал чоңдугу жана жүргүнчү агымы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат. 2016-жылы ал 1,2 миллиондон ашуун жүргүнчүнү тейлеген.


ТЕМА БОЮНЧА: