Freedom House: Кыргызстанда шайлоо коркутуу жана административдик ресурстарды колдонуу менен өттү

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында КСДПнын штабында. Сүрөт: Даниль Усманов/Kloop.kg

Эл аралык Freedom House укук коргоо уюму өзүнүн жылдык баяндамасын жарыялады — Кыргызстан катары менен жети жолу «жарым-жартылай эркин» өлкө болуп калды. Укук коргоочулар ырасташкандай, Кыргыстанда президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулган.

Укук коргоочулар өздөрүнүн «Демократия кризисте» докладында билдиришкендей, Кыргызстанда 2017-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоодо бийлик административдик ресурс колдонуп, шайлоочуларды коркутуп жана оппозицияны куугунтуктаган.

«Кыргызстанда бийликчил партия оппозиция менен шайлоочуларды коркутууга жана административдик ресурсту колдонууга таянып бийликти сактап турат», — деп айтылат докладда.

Freedom House өлкөлөрдүн эркиндигин 100 баллдык көрсөткүч менен баалайт. 100 балл — эркиндиктин эң жогорку көрсөткүчү. Кыргызстан 37 балл алып, «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарын толуктап калган.

Кыргызстандын жакынкы коңшулары «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кирген: Казакстан 22, Өзбекстан 7, Тажикстан 11 балл, ал эми Кытай 14 балл алган.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтүп, анда бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков жеңишке жеткен.

ЕККУнун эл аралык байкочулары билдиришкендей, шайлоодо административдик ресурс колдонуу, коркутуулар жана шайлоочуларды сатып алуу катталган. Бирок алар мындай эреже бузуулар анчейин көп деле болгон эмес, ошондуктан алар шайлоонун легитимдүүлүгүнө таасир этпейт деп маалымдашкан.

Freedom House 2017-жылы да Кыргызстанды «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кошкон. Бирок укук коргоочулар Конституцияга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу бийликтин ыйгарым укуктарын күчөткөн деп белгилешкен.


ТЕМА БОЮНЧА: